Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

11-март: 11 журналистти бошотуу талабы, Орусияда мигранттарды текшерүү, “Оскардын” жеңүүчүлөрү


Абакта камалып турган журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.
Абакта камалып турган журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.

11-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Европалык журналисттер кыргыз бийлигин журналисттерди бошотууга үндөдү

Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстонияда иштеген медиа кызматкерлердин видео кайрылуусун Братиславадагы Jána Kuciaka иликтөө борбору (ICJK) Фейсбукка жарыялады. Алар Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын белгилеп, муну орусиялык ыкмага теңешти. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган. Милиция журналисттерди "жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган" деп айыптоодо. Камалган журналисттер муну четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: "Бир дүйнө Кыргызстан" каржы уюмдарына кат тапшырды

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүктөрүнө "Чет элдик өкүл" мыйзам долбооруна тынчсыздандыруу билдирүүнү өтүнүп, кат тапшырышты. Маалым болгондой, 15 уюмдан турган топ, анын ичинен “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы төрт эл аралык каржы институтуна “Чет элдик өкүл” мыйзам долбооруна олуттуу тынчсыздануусун билдирип кат жолдогон. “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда, 22-февралда экинчи окууда кабыл алынган.


Караколдо аскер бөлүгүндө кармалгандардын экөө бошотулду

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири (А.Б.), анын орун басары (Б.К.), прапорщик (К.К. уулу) жана жеке ишкер (Т.Е.) камакка алынганын Башкы прокуратура 19-февралда билдирген. Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде эки аскер кызматкери: полковник Бейшенов жана подполковник Кермалиев камакка алынган. Товар ташуучу жеке ишкер Елебесов дагы камалган. 1 млн 75 миң 644 сом айып пул төлөп, кетирген чыгымдарды кайтаргандан кийин Кермалиев менен Елебесов абактан чыгарылган. Бейшеновдун үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Жылдыз Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу 6-февралда интернетте ачык айтып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Ал соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштеп келатканын, терс көрүнүштөр жөнүндө аскер бөлүгүнүн командирине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн ага да басым болуп жатканын билдирген.

Харьковдо орус армиясынын чабуулунан мейманкана талкаланды

Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 25 “Шахед” дрону менен чабуул койду. Алардын 15и асмандан атып түшүрүлгөнүн украин армиясы билдирди. Харьковдо дрон соккуларынан эки көп кабатуу үй, мейманкана, коммуналдык ишкананын имараты, жарандык инфратүзүм объектилери талкаланды. Курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок экенин Харьков облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Одесса облусунун башчысы Олег Кипер маалымдагандай, учкучсуз аппараттар административдик имараттарга тийген. Алардын биринде тутанган өрт өз убагында өчүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча бул чабуулдар тууралуу маалымат бере элек. Адатта орус бийлиги бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.

Орусияда метро станциясында соода кылган мигранттар текшерилди

Орусиянын Тергөө комитети билдиргендей, Москва облусундагы Котельники метро станциясынын жанында соода кылган мигранттар тинтүүгө кабылды. "Русская община" улутчул кыймылынын өкүлдөрү мигранттар уруксатсыз жана кассалык аппараттары жок соода кылып жатканына арызданган. Ушул эле кыймылдын арызы менен күч органдары Тамбовдогу мигранттар иштеген тез татым тамактарын сатчу жерлерди да текшерет. Улутчулдар белгилегендей, мигранттар тиешелүү документтери жок, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбастан иштеп жатышат. Мигранттарга каршы рейддер Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин күчөгөн. Мигранттарды кармоолор негизинен базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп жатат.

Тажикстанда электр жарыгын чектөө күчөдү

Тажикстанда электр энергиясы суткасына сегиз саат берилиши керек деген жадыбалга карабай, күндөп-түндөп өчүрүү күч алды. “Озоди’’ радиосунун кабарчылары билдиргендей, дем алыш күндөрү Куляб, Хатлон, Согд облустарынын жашоочуларына ток дээрлик берилген жок. Айрым аймактарда бир нече саатка гана берилди. Электр жарыгы тынымсыз өчүрүлүп жатканына баш калаа Дүйшөмбүнүн жана Рудаки шаарынын жашоочулары да нааразы. Тажикстанда 2023-жылдын күзүнөн бери электрди чектөө режими киргизилген. Бийлик мунун себебин суу сактагычтарда суунун аздыгын, калктын санынын көбөйүшү менен түшүндүрүп келет. Тургундардын көбү электр энергиясынын таңкыстыгын анын коңшу Ооганстанга сатылышынан көрөт.

“Оскар” киносыйлыгынын кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелесте Кристофер Ноландын “Оппенгеймер” тасмасы эң мыкты фильм аталса, Мстислав Черновдун “Мариуполдогу 20 күн” фильми эң мыкты даректүү тасма болду, мультфильмдерден Хаяо Миязакинин “Бала жана куш” эмгеги жеңди. Мыкты режиссерлук, операторлук иш, монтаж жана саундтрек үчүн сыйлыктар кошулуп, "Оппенгеймер" жети айкел алды. Башкы ролду аткарган Киллиан Мёрфи "эң мыкты актер" деп табылса, Роберт Дауни экинчи пландагы "эң мыкты актер" болду. "Бактысыз байкуштар" комедиялык драмасы костюм, макияж жана чач жасалгасы үчүн төрт сыйлыкка ээ болду. Башкы каармандын ролун аткарган Эмма Стоун "эң мыкты актриса" деп табылды. Грета Гервигдин жети номинацияда көрсөтүлгөн феминисттик "Барби" тасмасы бир эле айкелге ээ болду, ал Билли Эйлиштин "Мен эмне үчүн жаралгам?" деген ыры үчүн ыйгарылды.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG