Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

“Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү сунушталды


Чоң-Кемин өрөөнү.
Чоң-Кемин өрөөнү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Чоң-Кемин улуттук жаратылыш паркынан эки кенди чыгарууну сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сөз Куттуу-Сай-II сейрек кездешүүчү элементтер кени жана Калесай бериллий кени жөнүндө болууда. Министрлик бул документти тоо-кен тармагына инвестиция тартууга багытталган долбоор деп мүнөздөдү.

2023-жылдын сентябрында өкмөт Куттуу-Сай-II кениндеги руданын запасы 51,5 миң тонна экенин, кошумча чалгындоодон кийин 75 миң тоннага чейин жеткенин билдирген. Адистердин айтымында, бул руда молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш сыяктуу элементтерди камтыйт.

Февралдын аягында президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү тууралуу айткандан кийин тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселеси көп талкуулана баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG