Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33
Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Варшавадагы форум: Кыргызстанда, Европада ийгиликке жеткен аялдар

Бүгүн 9-мартта Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өттү.

03:21 11.3.2024

Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форуму жыйынтыкталды

9-мартта өткөн иш-чаранын соңунда атайын бирикме түзүү жана мындай жолугушууларды кийин да өткөрүп туруу макулдашылганын форумду уюштурган “Данакер” бирикмесинин жетекчиси Айтолгон Боронбаева билдирди:

“Форумдун жыйынтыгында Европада жашаган кыргызстандык айымдардын бирикмесин түзөлү деп сунуштадык. Айымдар колдоп беришти. Кайрадан онлайн топтоп, сүйлөшүп, резолюция кабыл алабыз. Максат – кыргызстандык кыз-келиндердин, диаспора лидерлеринин, активисттердин күчүн бириктирүү, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашуу, кызматташуу. Миграцияда жүргөн аялдарды бардык жактан коргоо, алар кабылып жаткан дискриминацияны, кыйынчылыктарды жоюу. Бул биринчи форум болду. Эми экинчисин, үчүнчүсүн ошол бирикме алдында кылалы деп макулдаштык. Миссиябыз – айымдардын бизнестеги, социалдык тармактагы, экономикадагы, экологиядагы долбоорлорун колдоо. Ошол ресурсубуз менен Кыргызстанга да салым кошолу деген максатыбыз бар”.

03:18 11.3.2024

Алтын Соронкулова: Кыргызстан Швецияга да өкүлчүлүк ачса

Швециядагы кыргызстандыктардын маселесин бул форумда активист Алтын Соронкулова көтөрдү. Өз сөзүндө ал мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу, мындай көйгөйгө чалдыккандарга жардам берүү зарылчылыгын белгиледи. Кыргызстандын Швецияда өз өкүлчүлүгү ачылса деген да сунуш айтылды:

“Бүгүнкү иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары келип катышып жатканы биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Себеби миграциядагы аялдар туш болуп келаткан көйгөйлөр тууралуу аларга айтып, маалымат алуудабыз. Швеция, билесиздер, экономикалык жактан абдан өнүккөн өлкө. Мыйзамдуу иштеп, каражат табууга шарт бар. Бирок мигранттардын мыйзамдашуусу оор. Кыргызстандан баргандардын 70-80% мыйзамсыз жүргөндөр. Тилекке каршы, Швецияда Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жок. Өкмөт ушул жагына көңүл бурса деген сунушубузду айтат элек”.

00:08 11.3.2024

Гази Бабаярова: Европада кыргызстандык мигрант аялдар эмгек кулчулугуна кабылууда

Европада кыргызстандык мигрант аялдар эмгек кулчулугуна кабылып жатканын форумга Чехиядан катышкан укук коргоочу Гази Бабаярова айтты. Ал өз сөзүндө азыркы учурда адам сатуунун жаңы түрү пайда болуп жатканын белгилеп, эмгек мигранттарын колдонуу же алдоо аркылуу өзү каалабаган жумушка орноштуруу, ошол кызмат үчүн акча алуу деген көйгөй бар экенин айтты:

“Жеке агенттиктер аркылуу эптеп Европага келген көптөгөн эмгек мигранттары алдоого кабылып, мыйзамсыз болуп калышат. Кайра үйүнө кеткенден намыстанып (же каржы жактан кыйналып), биздин мекендештер ошол абалында да Европада калууну тандашат. Тилекке каршы, мындай мигранттар айлык маянаны жок эле дегенде 30% аз алышат. Бул көрүнүштү мен заманбап кулчулук (modern slavery) деп айтмакмын. Форумга келген Европадагы лидер айымдарга айтарым – мындай көрүнүштү токтотууга салым кошсоңуздар. Жумушка келүүнү каалаган мекендештерге туура жолдорду көрсөтсөк. Өз укугун билген адам эч качан кордук көрбөйт”.

18:07 9.3.2024

Аймээрим Турсалиева: Кыргызстанда да, Европада да ийгиликке жетишкен айымдарыбыз бар

Форумда миграциядагы кыз-келиндердин көйгөйлөрү менен катар ийгиликтери, алдына койгон максаттары, тилектери тууралуу да сөз болуп жатканын Швейцариядагы кыргыз диаспорасынын президенти Аймээрим Турсалиева белгиледи.

Анын айтымында бүгүнкү жолугушууда Европада гана эмес, Кыргызстанда да ар кандай багыттагы долбоорлорду баштап, ийгиликтүү ишке ашырып жаткан айымдар чогулганы колдоого аларлык жана бул өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң өбөлгө:

"Бизде Швейцарияда Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырганда кыргыз аз, себеби бул өлкөгө кирүү оңой эмес. Бүгүнкү форум биринчиси болуп жатат, мындай жолугушууларды өткөрүп туруу зарыл. Анткени ар кандай долбоорлорду биргелешип ишке ашыра алабыз, өнөктөштүктү өнүктүрөбүз. Баарлашып, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып турабыз. Жалпы иш үчүн бул чоң салым. Мисалы мен бүгүн бир катар өлкөлөрдөн келген көптөгөн кыздар менен таанышканыма абдан кубанып турам. Алар бул жакта да түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанда да ийгиликтүү иштеп жаткан айымдар, кыздар экен. Кыргыз тилин үйрөтүү, кыргыздын маданиятын, улуттук оюндарын жайылтуу жагынан иштегендер бар экен. Мен да ошондой демилгелерди ишке ашырсам деп тилек кылып жатам".

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG