Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Ысык-Көл: бир ооруканадан беш дарыгер иштен кетти


Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынан беш реаниматолог-анестезиолог бир учурда жумуштан кетти. Алардын төртөө 30 жашка чейинки жаш адистер. Дарыгерлер айлык акынын аздыгынан жана жумуштун көптүгүнөн ушул жолго барган. Бул кырдаал саламаттык сактоо тармагындагы чечилбей келген көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан иштен кеткен реаниматолог-анестезиологдордун бири Фарида Жаманкулова буларды айтып берди:

“Бизде хирургия, травматология, кулак-мурун, урология бөлүмдөрү операция кылышат. Операциялар пландалат, бирок күтүүсүздөн чыккан операциялар да өтө берет бир учурда. Кээде 3-4 операция столунда иштеген убактар болот. Андан сырткары жандандыруу бөлүмүндөгү палатадагы тогуз орунду да биз тейлейбиз. Ал жерде оор абалдагы бейтаптар жатат, канча адам жатса, ошончосун карайбыз. Ошентип, күнү-түнү иштегенге туура келип калды. Анан арада дарыгерлерде “айлык аз, же үйүбүз, же жер тилкебиз жок, Орусияга эле барып иштеп келели” деген сөз боло баштады”.

Фарида Жаманкулова ооруканада 29 жыл иштеп, акыркы жылдары анестезиология бөлүмүн жетектеп келген. Аны менен кошо 30 жашка чейинки дагы төрт жаш дарыгер да жумуштан кетүүгө мажбур болду. Жаштар ординатураны эске алганда төрт жылдан бери иштеп жатышкан.

Фарида Жаманкулова арыз жазылгандан кийин облустагы жетекчилер тарабынан айтылган сөздөрдү дарыгерлер басым катары кабылдаганын айтууда.

“Силер эмне болуп жатасыңар, жаштар көптү, биз силердин учурда бекер эле иштечүбүз деп айтышты”, - дейт Фарида Жаманкулова.

Караколдогу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында анестезиологдор үчүн 21 штаттык бирдик бар. Бирок дарыгерлердин жетишсиздигинен улам бул багытта жети гана дарыгер иштеп келген. Кол жетпегендиктен алардын түйшүгү өлчөмдөн 3-4 эсе ашык.

Мындан улам бир ай мурда 1,5 ставка менен иштеген дарыгерлер, бош турган ставкаларды да аларга бөлүштүрүп, айлыгын көбөйтүүнү өтүнгөн.

Оорукананын жетекчиси Чыңгыз Урманбетов бош турган орундарды иштеп жаткан жети дарыгерге берүүгө мыйзам жол бербестигин айтып, жаш дарыгерлерди жумушта кармап кала албай, жазган арыздарына кол коюп берүүгө аргасыз болгонун кошумчалады:

“21 штаттык бирдикти бизге бөлүп бергиле дешти. Эмгек кодекси боюнча ар бир жумушчуга 1,5 ставкадан жогору бере албайт экенбиз. Эгер болгон бирдикти бөлүп берсек, иштеп жаткан ар бир дарыгерге 3төн ставка тиет экен, мен аны кантип коём? Ал мыйзамга туура келбейт да. Ошентип, булар биздин колубуздан келбеген талаптарды коюшту”.

Чыңгыз Урманбетовдун айтымында, 1,5 ставка менен иштеп келген жаш дарыгерлер 40 миң сомдун тегерегинде айлык алчу. Азыр иштен кеткен беш анестезиологдун ордуна Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен төрт дарыгерди убактылуу командировкага жөнөткөн. Анестезилогдордон тышкары аталган ооруканада педиатр, акушер-гинеколог, инфекционисттер да жетишпейт.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барктабасова дарыгерлер маселеси облустук эмес, жалпы республикалык масштабдагы көйгөй экенин айтат. Ал дарыгерлердин жетишсиздигин жоюп, жаш догдурларды ишке тартуу маселесин жергиликтүү бийлик деле чече алмак деген ойдо:

“Аймактардагы жергиликтүү бийлик - облус башчылары ресурс бөлүп берип, аны көзөмөлдөп, жетишсиз нерселерге мамлекеттик деңгээлде жардам сурай алат да. Эмнеге бул аткарылбайт? Мисалы, Ысык-Көл облусу кичинекей аймак эмес да. Жаш дарыгерлерди тартуу үчүн аларга турак жай, жер тилке сунуштап, айлыгына кошумча төлөмдөрдү берүүнү ойлонуп, жаш дарыгердин депозити деген программаны өнүктүрүп, ага губернатордун же Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан акча бөлүп берсе болот да?! Ар бир аймак дарыгерлерин колдон-буттан алып колдошу керек. Биз аларды окутуп-чокутуп, анан даяр адистерди Орусиянын элин дарылоого жөнөтүп жатабыз. Биздин элге акушер-гинеколог, анестезиолог, реаниматолодордун кереги жокпу? Анда бизди ким дарылайт?”

Бермет Барктабасова Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан кетип калган жаш дарыгерлерди кайтарып келүү керек деп эсептейт. Азырынча бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү жасай элек.

Беш дарыгер иштен кеткен Каракол шаарындагы бейтапкана 557 орундуу. Азыр 101 медицина кызматкери иштейт. Негизи 191 дарыгер керек. Орточо айлык акы 20 миңдин тегерегинде.

Буга чейин "Азаттык" бир эле Талас облусунда 130дан ашуун адис жетишпесин, айрым айылдарда жашы 80ден өтсө да иштеп жаткан догдурлар бар экенин жазган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт. Ушу тапта Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.

Таласта дарыгерлер тартыш, Салый апа көтөргөн жүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG