Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

7-март: Майнинг фермалар, жарыкты чектөө, Израилге басым, Ирандагы өрт


Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферманын жогорудан көрүнүшү. 22-июль, 2023-жыл.
Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферманын жогорудан көрүнүшү. 22-июль, 2023-жыл.

7-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ибраев майнинг фермалар электрди Орусиядан алып жатканын айтты

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар электр энергиясын Казакстандан эмес, Орусиядан сатып алып жатканын билдирди. 7-мартта Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы жөнүндө түшүндүрмө берип, казак тарап токту мамлекеттик мекемелерге сатарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз өкмөтү өзү чечерин билдирген.

УКМК "Кумтөр" менен кызматташкан кылмыштуу топ аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш төбөлү атыккан Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) көзөмөлдөгөн ишканалардын жетекчилери кармалганын маалымдады. Алар "Кумтөр Голд Компани" ишканасын тамак-аш камсыздоо келишимин түзүшкөн.

Атазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Фейсбуктагы баракчасына соттун чечими мыйзамсыз экенин жана бул “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын” жазды. Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Cадыр Жапаров: Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмес

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Токтогул ГЭСинин 1-агрегаты жана Үч-Коргон ГЭСинин 4-агрегаты реконструкциялоо үчүн 5-марттан тарта токтотулганын, натыйжада электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азайганын билдирди. Мунун алдында аталган жагдайларга байланыштуу электр энергиясын пайдаланууга чектөө киргизилген.

Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрү кабарланды

Украина быйыл да контрчабуул аракетин көрөрүн өлкөнүн жердеги аскерлеринин командачысы Александр Павлюк билдирди. Ал майданда абал оор, бирок көзөмөлдө экенин белгилеп, Орусия Украинанын болушунча көбүрөөк аймагын басып алууга, муну 17-марттагы президенттик шайлоого чейин жасоого аракет кылып жатканын айтты. Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачкан.

Газадагы гуманитардык абалдан улам Израилге басым күчөдү

Газа секторуна эң зарыл гуманитардык жардамды жеткирүү аракети күчөтүлгөнүн Associated Press маалымат агенттиги билдирди. Агенттик белгилегендей, Европа Биримдиги Газага Кипр тараптан деңиз жолун ачуу үчүн басымын күчөттү, ал эми британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Израилдин союздаштарынын чыдамы түгөнүп баратканын айтты. Газадагы атышууну Рамазан айында токтото туруу жөнүндө сүйлөшүүлөр АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүүдө, бирок азырынча майнап чыга элек. Израил соңку сүйлөшүүгө өз делегациясын жөнөтпөй койгон.

Майя Санду Орусия Молдованын евроинтеграциясына бут тосушу ыктымал экенин айтты

Молдова Франция менен коргоо жана экономика тармагындагы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койгону жатат. Молдованын президент Майя Санду Digi24 телеканалына курган маегинде президенттик шайлоо жана Евробиримдикке мүчө болуу маселеси боюнча референдум алдында Орусия бул өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, европалык интеграцияга карай жолунан адаштырууга аракеттенип жатканын айтты. Бир нече күн мурда Молдованын коопсуздук кызматы Орусиянын Кишиневдун Батышка жакындоо аракетин үзгүлтүккө учуратуу планы бар экенин эскерткен.

Ак үй ооган жарандары үчүн виза программасы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти

АКШ өкмөтү менен кызматташкан ооган жарандарын Кошмо Штаттарга көчүрүү программасы үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер айтты. Маалыматка караганда, АКШ жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк берген атайын иммиграциялык визанын (SIV) Конгресс аныктап берген 38 500 даана лимити быйыл болжол менен август айында аяктайт. Дагы 20 миң визага уруксат берүү чечимин Конгресс кабыл албай коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулдагы бийликти кулаткан соң 31-августка караган түнү америкалык аскерлер толук чыгып кеткен.

Иранда ири мунай ишканасында жарылуу болуп, өрт чыкты

Мамлекеттик IRNA жана ISNA агенттиктеринин алгачкы кабарларында өлкөнүн түштүгүндөгү Бандер-Аббас портундагы Афтаб ишканасында болгон жарылууда бир нече киши каза болгону жана жараат алганы айтылган, бирок расмий тастыкталган эмес. Кийинчерээк ишкананын коомчулук менен байланыш бөлүмү завод олуттуу зыян тартпаганын, эки киши гана жеңил жараат алганын билдирди. Афтаб ишканасы, интернеттеги расмий сайтындагы маалыматка караганда, Ирандагы мунайды кайра иштетүүчү жеке ири ишкана болуп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG