Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

4-март: АКШга 10 жылдык виза мөөнөтү, Токтогулдагы суунун көлөмү, Самарадагы жарылуу


АКШнын Конгресси
АКШнын Конгресси

4-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза мөөнөтүн 10 жылга узартты

АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартты. Кыргыз жарандары үчүн визанын B1 жана B2 түрү үчүн 20 долларлык төлөм алынбайт. Элчиликтин маалыматына караганда, 10 жылдык визанын мурда берилген визаларга тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин комитети ЖМК тууралуу мыйзамдын концепциясына макулдук берди

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өкмөт сунуш кылган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды. Документ кабыл алынса, Кыргызстандагы 2740 ЖМК Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүшү керек. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат: арыз, ЖМК түзүү тууралуу чечим жана каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек. Жарандык коомдун өкүлдөрү президент Жапаровго ачык кат менен кайрылып, талаштуу мыйзамды кабыл албоого чакырган.

5-марттан тарта электр энергиясын берүү азаят

Токтогул ГЭСиндеги эки агрегат оңдолуп жатканына жана суу сактагычында 7,7 млрд метр куб суу калганына байланыштуу өлкөдө электр энергиясын иштеп чыгуу күнүнө 290 мегаваттка азаят. Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев элди электр энергиясын болушунча үнөмдөөгө чакырды. Министрлик Токтогул суу сактагычындагы суу 6,5 млрд метр кубга түшүп кетсе авариялык абал түзүлөрүн белгилеп, ага жеткирбөө үчүн электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болушу ыктымалдыгын эскертүүдө.

Бишкек жылуулук электр борбору толук оңдоодон өткөрүлөт

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жылдагы пландык өчүрүүлөрдөн айырмаланып оңдоо иштери үчүн быйыл 30-40 күнгө толук токтотулат. ЖЭБдеги оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын май же июнь айларында ысык суу берүү 20-30 күнгө токтотулуп турчу. Быйылкы график кийинчерээк такталат. 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

Орусия Украинанын үч облусуна чабуул койду

Соңку суткада Украинанын үч облусунда: Харьков, Херсон жана Донецк облустарында орус күчтөрүнүн чабуулдарынан бир кишинин өмүрү кыйылганын, 20 чакты адам жараат алганын жергиликтүү бийлик башчылары билдирди. Украин президенти Владимир Зеленский жекшембидеги кечки кайрылуусунда Одессадагы соңку чабуулда набыт болгондордун төртөө бала, алардын экөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар экенин айтып, Украинага курал-жарактан жардам маселеси чечилбей жаткандыктан күн сайын адам өмүрү кыйылып келатканына токтолду. 2-мартта Одесса шаары Орусиянын дрон чабуулуна кабылганда ондон ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

Самарада темир жол көпүрөсүндө жарылуу болду

Украина Орусиянын Самара облусунда темир жол көпүрөсүн жарактан чыгаруу аракети жасалганын тастыктады. Өлкөнүн Башкы чалгын кызматынын 4-марттагы маалыматына караганда, орус аскерлери Чапаевка суусундагы бул көпүрөнү Украинага чабуул коюу үчүн аскердик жүгүн, шаардагы "Полимер" ишканасында жасалуучу инженердик жабдыктарын ташыганга колдонуп жүрөт. Орусиялык медиа билдиргендей, жарылуу таңкы саат беш чамасында болгон. Темир жолдо кыймыл азырынча токтоп турат. Түшкө маал ошол эле темир жол тилкесинде дагы колго жасалган эки жардыргыч табылганы кабарланды.

АКШга мыйзамсыз барган 74 өзбекстандык мекенине кайтарылды

Алардын көбү Кошмо Штаттарга Мексикадан барганы, айрымдары башка өлкөлөр аркылуу киргени кабарланды. Былтыр 21-декабрда АКШ өкмөтү мыйзамсыз кирген 119 өзбек жараны депортацияланганын маалымдаган. 19-февралда АКШнын ар кайсы штаттарындагы миграция борборлорунда отурган 35 өзбекстандык Байдендин администрациясын сотко берди. Алар өзбекстандыктарга дискриминациялык мамиле жасалып жатканына нааразы экенин билдирген. Вашингтондун маалыматына ылайык, 2021-23-жылдары Мексика аркылуу киребиз деген он миңдеген иммигрант аныкталган. Алардын 13 миңи Өзбекстандын жараны экени белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG