Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Жалал-Абад: маданият техникумундагы кадр чыры


Жалал-Абад маданият техникумунун имараты
Жалал-Абад маданият техникумунун имараты

Жалал-Абад маданият техникумунун кеминде үч кызматкери жумуштан кетип, жетекчиликтин ишине нааразы болушууда.

Бирок окуу жайдын жетекчиси Абжалил Таштанов дооматтарга макул эмес. Ал окуу жайды 1994-жылдан бери жетектеп келе жатат. Ортодо жумуштан алынып, бирок Маданият министрлигин соттон утуп, кайра ордуна келген.

Барчынай Парпиева 2023-жылы Жалал-Абад маданият техникумунун жатаканасында тарбиячы болуп иштей баштаган. Анын жолдошу да аталган окуу жайда дене тарбия мугалими экен. Ал жакында эле кайра соттон утуп, жетекчи болуп келген Абжалил Таштанов жолдошу экөөнү тең мажбурлап, "өз эрки менен" деп арыз жаздырып, жумуштан кетиргенин айтууда:

Жалал-Абад маданият техникуму
Жалал-Абад маданият техникуму

“Менин үч балам бар. Эми жумушум жок кантип багам? 2023-жылы жатаканага тарбиячы болуп бардым эле. Кечээкиде кайра жетекчи болуп келген Таштанов мажбурлап арыз жаздырды. Ордума жакын инисин тарбиячы кылып алып келем деп айтты. Жолдошум да иштен кетти”.

Жалал-Абаддагы маданият техникумун 1994-жылдан бери жетектеп жүргөн 67 жаштагы Абжалил Таштанов өткөн жылы жумуштан кетип, кайра соттон утуп, жетекчилик кызматына келген.

Ал буга чейин да үч жолу кызматтан алынып, кайра Маданият министрлигин соттон утуп, ордуна кайтып келген. Таштанов өзү айтылып жаткан дооматтар боюнча буларды билдирди:

Абжалил Таштанов
Абжалил Таштанов

“Интернеттеги алты мугалим иштен кетиптир деген жалган. Чынында завуч, дене тарбия жана тарбиячы болуп өз арызы менен үчөө кетишти. Алар үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу арыз жаздым деп келиптир, мен кол койдум. Өзүмдү болсо мыйзамсыз бошотушкандыктан сотко кайрылып, утуп келип жатам. УКМК да, прокуратура да текшерип, утуп чыктым. Министрлик бир эле ажаткана салып бере алды. Эч кандай каражат бөлүп бере алышкан жок. Мен имараттын чатырын да өз аракетим менен жапкан элем. Ал эми айрым билим бере албаган мугалимдерди иштен алыш керек. Мен канча иштейм, билбейм, бирок жетекчиликти жаштарга бошотуп берем деген оюм бар. Өзүм деле пенсия курагындамын. Ишке принцип үчүн келдим”.

Маданият техникумунун имараты менен жатаканасы оңдөп-түзөөгө муктаж болуп турат.

2021-2022-жылдар аралыгында төрт ай директорлук кызматта турган дирижер Дүйшөнбек Молдобаев техникумдун абалы жана кадр маселеси оор дейт:

Дүйшөнбек Молдобаев
Дүйшөнбек Молдобаев

“Мен өмүрүмдүн баарын ушул тармакка арнадым. Таштанов кеткенден кийин мени министрлик иштеп бер деп техникумдун жетекчиси да кылды, төрт ай иштеп калдым. Ошондо да Таштанов соттон утуп келип алды. Бул кишини депуттатардан, Ак үйдөн да колдогондор бар экен. ”.

Абжалил Таштановдун эмне үчүн жумуштан алынып, кайра соттон утуп келгенин сурап Маданият министрлигине кайрылганыбызда, министрликтин укук бөлүмүнүн башчысы Фархад Ажыбаев мындайча түшүндүрдү:

"Таштанов менен үч жолу соттоштук. Анын иштен кетишине себептер болгон. Ал жумушка себепсиз чыкпай коюусу, эмгек келишиминин бүтүшү менен иштен кетип, бирок эмгек өргүүгө чыгып келгенден кийин кайра сотко берип жатты. Биринчи май райондук соту карап, кийин Жогорку Соттон 2024-жылы февраль айында утуп келиптир. Ал жерде Таштанов өзү макул болуп арыз жазган. Таштановго министрлик ишенбегендиктен иштен алган. Каражат бөлбөгөн деп айтыптыр. Жылда катардагылардай эле алып келишкен. Директор болуп турганда керектүү каражаттарды сурап кайрылыш керек эле да".

1980-жылы негизделген Жалал-Абад маданият техникумунда 30дан ашык мугалим иштеп, 200дөй окуучу билим алат. Окуу жай музыка мугалимдерин, оркестр, хор жамаатын, китепканачыларды даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG