Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Облустук театрдын жаңы имараты ачылды


Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жаңы имараты (мурунку "Октябрь" кинотеатры).
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жаңы имараты (мурунку "Октябрь" кинотеатры).

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Театр жамааты жаңы сезонун жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклдин премьерасы менен ачты. Маданий саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, театр сүйүүчүлөр катышты.

Эске салсак, былтыр июль айында Бишкектеги "Октябрь" кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүп берилген. Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, Кинематография департаментинин жана театр жетекчилери кол койгон.

Термечиков атындагы облустук театрдын түзүлгөнүнө быйыл 32 жыл болот. Алгачкы жылдары Бишкек шаардык драма театрынын имаратында спектаклдерди коюп жүргөн, бирок ал жерди ээлеп калган эмес. Кийин театр Токмок шаарындагы маданият үйүнө көчүп, бир канча жылдан кийин ал жайдагы ички эрежелердин өзгөргөнүнө байланыштуу кайра борборго келген.

Борбордон Аламүдүн райондук маданият үйүндө 5-6 жыл жайгашкандан кийин, толук шарттын жоктугунан ал жактан да чыгып, театр артисттери 8 жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын бир бурчун ээлеп келген.

Театрдын жылдык бюджети 4 млн сомго жакын. Анда администрациялык бөлүм, техникалык жасалгалоо, гримдөө жана актёрдук жамааты болуп жалпысынан 43 адам эмгектенет.

Облустук театрдын жетекчилигинин маалыматына караганда, учурда маданий жай мындан ары Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры болуп иш жүргүзөт, ага куудулдар да жумушка алынат.

Учурда өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында 20дан ашык театр бар.

"Азаттык" буга чейин театрдын имараты жок экендиги жөнүндө материал даярдаган. (MZh)

Облустук театр имаратка муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG