Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:06

"Адамдар столдо, жерде укташат". Стамбул аэропортунда кармалган тажикстандыктар


Oндогон тажик жараны Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып турат. Түрк полициясы аларды киргизбей, депортациялоо чечимин чыгарган. Түрк бийлигинин мындай чечимине 28-январда Стамбулдагы чиркөөгө кол салууга бир тажик жараны айыпталып, кармалганы түрткү болгону маалымдалды.

"Адамдар столдо же жерде укташат"

Дүйшөмбү шаарынан Стамбулга учуп келип, андан ары Лондонго бет алмак болгон тажикстандык жигитти түрк полициясы аэрпорттогу убактылуу кармоочу жайга киргизген. Атын атагысы келбеген жигит "Настоящее время" телеканалы менен байланышып, Стамбул аэропортунда өзү менен кошо ондогон мекендеши кармалып турганын, алар коопсуздук күчтөрүнүн мындан аркы чечимин күтүп жатканын айтат.

"Бул жерде 27 киши болчубуз. Үчөөнү бошотушту. Калганын бошоткон жок. Мисалы, менде Лондонго билет бар болчу. Мен "каттоо 3:15те башталат" дедим. Алар уруксат берген жок. "Сен кабатыр болбо, биз сени каалаган мүнөттө коё беребиз" дешти. Анан мени кеңсеге алып кирип, депортациялоо чечими чыкканын айтышты. Азыр бир бөлмөдө 23 киши отурабыз", - дейт тажик жигит.

Түрк коопсуздук күчтөрү депортациялангандардын бирөөнө да чечимдин себебин айткан эмес.

Аэропорттогу кармоочу жайдан байланышкан дагы бир тажик жаран бир канча күндөн бери ара жолдо чечим күтүп отурганын айтат. Kамалып отурган тажикстандыктар тамак-аш менен камсыздалбай, шарты начар бөлмөлөрдө отурганын билдирип, нааразы.

"Бир токоч жана бир стакан муздак шире беришет. Ысык чай да жок. Суук бөлмөдө жатып, тамагым ооруп калды. Кийим алмаштырууга сумкаларыбызды да беришпейт. Душка түшкөнгө шарт жок, суу муздак. Түнбү же күндүзбү - билбейбиз, сыртты көрбөйбүз. Бул жерге башка улуттун өкүлдөрү көп келбейт экен, бир-эки өзбекти гана көрдүм. Адамдар столдордо же жерде укташат", - дейт Стамбул аэрпортунда кармалып турган жигит.

Чиркөөгө кол салгандар айтылды

Полициянын сурагында айрым тажикстандыктарга өткөн айда Стамбулдагы кандуу окуя эскертилгени айтылууда. Ага кириптер болгондордун бирөө тажикстандык экенин, мындан улам тыкыр текшерүү жүрүп жатканын кыйытышкан.

Түрк полициясы Санта-Мария чиркөөсүнүн жанында күзөттө турат. Стамбул, Түркия. 28-январь, 2024-жыл.
Түрк полициясы Санта-Мария чиркөөсүнүн жанында күзөттө турат. Стамбул, Түркия. 28-январь, 2024-жыл.

28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая кол салуудан кийин кармалгандардын экөө ИМдин мүчөлөрү экенин, бирөө орусиялык, экинчиси тажикстандык жаран экенин билдирген. Көп өтпөй "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюму Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүндөгү кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Түрк полициясы соңку жылдары Түркияда ИМге мүчө болгон деп ондогон борбор азиялыктарды депортациялаганын утур-утуру кабарлап келет. Былтыр жайында Стамбулда радикал топтун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири, тажикстандык Шамил Хукуматов камалган. Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысым менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген.

Миграция департаменти. Измир шаары. 2016-жыл.
Миграция департаменти. Измир шаары. 2016-жыл.

2022-жылы Түркия Тажикстанга "Абу Довуд" деген лакап ат менен белгилүү Парвиз Саидрахмоновду өткөрүп берген. 2022-жылдын соңунда Дүйшөмбү соту Саидрахмоновду бир нече оор кылмыштарга, анын ичинен чет өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжалга катышканы жана башкаларды ал жакка азгырганы үчүн күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Тажикстан менен Түркиянын ортосунда 2018-жылдан бери визасыз режим киргизилген. Тажик жарандары Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Түркия Орусия менен Казакстандан кийин тажикстандыктар эң көп эмгектенген үчүнчү өлкө болуп эсептелет. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түркияда жети миңге жакын тажикстандык эмгектенет.

Чет элдиктерге рейд күчөдү

Ал эми түрк полициясы соңку айларда он миңдеген чет өлкөлүктү кармап, депортация борборлоруна жибергени утур-утур кабарланып келет. Былтыр 28-майда Режеп Тайып Эрдоган президенттикке кайра шайланып, жаңы ички иштер министри Али Йерликая кызматка киришкенден кийин түрк бийлиги мыйзамсыз мигранттарга жана качкындарга каршы күрөшүн күчөткөн.

Эрдоган мыйзамсыз мигранттар көйгөйүнө байма-бай токтолуп, "чек арада жана өлкө ичинде адам аткезчилигине каршы көрүлгөн чаралар дагы күчөгөнүн" айтып келет.

Министр Йерликая шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү текшерүү дагы катаалдашарын айтты.

"286 миңден ашык рейд жүргүзүлүп, анда миңдеген мыйзамсыз мигранттар кармалды. 56 миңдей чет өлкөлүк депортациялоо борборлоруна жөнөтүлдү", - деди түрк аткаминер.

Ал былтыр виза мөөнөтү аяктаган же виза эрежесин бузган 371 миңден ашуун чет өлкөлүк өз өлкөсүнө чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары экени ачык айтылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG