Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Министр: Көк бөрү менен кыргыз күрөшүн "Көчмөндөр оюнуна" киргизүү керек


IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жеңүүчү болгон Кыргызстандын улуттук курама командасы. 2-октябрь, 2022-ж. Изник, Түркия.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүдөн жеңүүчү болгон Кыргызстандын улуттук курама командасы. 2-октябрь, 2022-ж. Изник, Түркия.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон көк бөрү жана кыргыз күрөш оюндарын V дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун беттештик тизмесине киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү. Министр мындай кайрылуусун 26-февралда министрликтин коллегиясында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул улуттук оюндар эл аралык Көчмөндөр оюнунда мелдештен тышкары көргөзмө оюн катары гана киргизилип калган.

"Бул туура эмес деп эсептейм. Сизди бул маселени чечүүгө көмөктөшүүңүздү суранам", - деди министр.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт.

Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG