Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Семиз-Бел менен Кызартта күн жана шамал электр станциялары курулат


Ысык-Көлгө орнотулган күн нурунан энергия топтой турчу панел. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көлгө орнотулган күн нурунан энергия топтой турчу панел. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкекте кытайлык NBTC Limited компаниясынын директору Цай Чжифан менен жолукту. Аталган министрликтин басма сөз кызматы анда тараптар электр энергиясы жаатында кызматташууну сүйлөштү. Ага ылайык, Нарындагы Семиз-Бел жана Кызарт аймактарында күн жана шамал электр станцияларын курууну макулдашты.

“Жолугушуу алкагында шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анын максаты Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу болуп саналат”, - деп жазылган маалыматта.

Энергетика министрлиги бул долбоордун баасы жана качан башталары тууралуу маалымат тараткан жок.

Былтыр мартта президент Садыр Жапаров “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда күн, шамал жана башка энергиянын кайра жаралуучу булактарын өркүндөтүү үчүн бул багыттагы станцияларды курууга бир катар жеңилдик берүү каралган.

Буга чейинки маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 71 кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттерине күбөлүк берилген. Аларга 68 кичи ГЭС, бир күн станциясы, бир шамал мачтасы жана бир сүзүүчү фото-электростанциясы кирет.

Кыргыз бийлиги энергетикалык каатчылыктан биротоло чыгуу үчүн өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидро электр станцияларын жана күн менен шамалдан энергия алган станцияларды курууну пландаштырып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG