Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

23-февраль: Кызыл-Омполдун ураны, экс-министр Кутманованын иши, Армениянын чечими


Динара Кутманова жана Кемелбек Кутманов
Динара Кутманова жана Кемелбек Кутманов

23-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Президент Жапаров Кызыл-Омполдогу кен боюнча түшүндүрмө берди

Садыр Жапаров Тоң районундагы Кызыл-Омполду “саясий айдыңда популисттик кылгандар "уран кени" деп атап алганын” белгилеп, кендин 95% титаномагнетит түзөрүн билдирди. Президенттин маалыматында титаномагнетит - 95 %, фосфор - 3 %, цирконий - 2 %, торий- 0,22 %, уран - 0,17 % түзөт. Жапаров казылган кен Кара-Балтадагы заводдо иштетилерин, каражат казынага түшөрүн белгиледи. Ал эми казылган уран "байытылбаганы үчүн коркунучу жок” экенин айтты. 2019-жылы Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө каршы нааразылык чыккан. Экологдор уран казуу жаратылышка эбегейсиз зыянын тийгизерин эскертишкен. 2019-жылы уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Экс-министр Кутманованын жана анын баласынын иши сотко өттү

Коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун иши тергелип бүтүп сотко өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту ырастады. Экс-министр уулу экөө Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда. Сот алардын камактагы бөгөт чарасын 5-апрелге чейин узарткан. Былтыр 25-июлда УКМК Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат ал министр болуп турганда мамлекеттин акчасын "мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган" деген айып таккан. 2021-жылдын октябрында министр болуп дайындалган Кутманова былтыр мартта күтүүсүз кызматтан алынган. Экс-министр өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Анын уулу 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга экстрадицияланган.

Коррупция беренесинин эскирүү мөөнөтү жоюлду

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”); 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”); 215-берененин 3-бөлүгү (“адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”); 336-беренеси менен (“Коррупция”) менен козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү кыскарбайт. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесине “материалдык зыяндын ордун толуктабаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш иш токтотулбайт” деген өзгөртүү киргизилди.

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды

УКМК “опузалап талап кылган” деген шек менен кармаган блогер Батмакан Жолболдуеваны 22-февралда Жалал-Абад шаардык соту үй камагына чыгарды. Бул маалыматты блогер “Азаттыкка” өзү ырастап, кылмыш иши боюнча комментарий берген жок. 9-февралда атайын кызмат маалымат таратып, блогер интернетке жарыяланган материалды өчүрүү үчүн Жалал-Абаддагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом талап кылганы үчүн камалганын билдирген. УКМКнын кызматкерлери аны 6-февралда 25 миң сом алып жатканда кармаганын кабарлаган. Жолболдуева башка иш боюнча 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол жылдын 19-августунда үй камагына чыккан.

АКШ Орусияга каршы жаңы 500дөй санкция салды

Вашингтондо 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынды. АКШ Орусияга буга чейинки санкцияларды айланып өтүүгө жана “көшөгө артында орус аскердик машинасын камсыздоого” жардам берип жаткан 100дөй компанияга экспорттук чектөөлөрдү киргизди. Евробиримдик дагы Украинадагы согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын жарыялады. 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан.

Армения ЖККУга мүчө болууну убактылуу токтотту

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болууну убактылуу токтотконун премьер-министр Никол Пашинян France 24 агенттигине курган маегинде билдирди. Пашинян чөлкөмдүк уюм Армениянын коопсуздугуна байланыштуу маселеде, өзгөчө 2021-2022-жылдары "өз милдеттенмелерин аткарган жок" деп санайт. ЖККУнун катчылыгы Еревандан мүчөлүктү убактылуу токтотуп коюу боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн орус медиасына билдирди. Былтыр ноябрда Ереван Минскиде өткөн уюмдун жыйынына катышуудан баш тарткан. Буга чейин Пашинян Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжал маалында эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн Москваны кескин сындаган. Ал ошондой эле "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун, Армениянын ЖККУга мүчө болушу натыйжасыз экенин” айткан.

Москвада Навальный менен Немцовду эскерүү жүрүшүнө уруксат берилген жок

"Жарандык демилге" партиясынын башчысы Андрей Нечаев москвалык аткаминерлер "коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү" жүйө келтиргенин белгиледи. 2-мартта эскерүү жүрүшүн өткөрүүнү пландаган партия бийликтен жазуу түрүндө расмий жообун күтүп жатат. Оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 2015-жылы 27-февралда Кремлден 100 метр жердеги көпүрөдө белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Тергөө саясатчыны өлтүрүүгө ким буйрук бергенин бүгүнкү күнгө чейин аныктай элек. Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальный түрмөдө табышмактуу жагдайда кайтыш болгону 16-февралда маалым болду. Ошондон бери маркумдун энеси түндүктөгү Ямал-Ненецк аймагында уулунун сөөгүн ала албай жүрөт.

Экс-министр Кутманова менен уулунун иши сотко өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:25 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG