Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Көк бөрү: Талас районунун командасы республикалык мелдеште жеңүүчү болду


 Талас жана Ак-Суу райондорунун курама командаларынын финалдык беттеши. Бишкек шаары. 222-февраль, 2024-жыл.
Талас жана Ак-Суу райондорунун курама командаларынын финалдык беттеши. Бишкек шаары. 222-февраль, 2024-жыл.

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын Ак-Кула ат майданында көк бөрү боюнча райондор аралык республикалык чемпионат жыйынтыкталды. Финалдык беттеште Талас району Ак-Суу районунун командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Үчүнчү орунду Сокулук районунун командасы утуп алды. Аталган команда Сузак районун 9:1 эсеби менен жеңди.

Сузак жана Ак-Суу райондорунун курама командаларынын беттеши.
Сузак жана Ак-Суу райондорунун курама командаларынын беттеши.

Көк бөрү боюнча райондор аралык республикалык чемпионат 17-февралда башталган. Ага өлкө аймагынан 9 команда катышты. Алар Ак-Суу районунун (Ысык-Көл облусу), Ак-Талаа районунун (Нарын облусу), Сокулук районунун (Чүй облусу), Талас районунун (Талас облусу), Сузак районунун (Жалал-Абад облусу), Лейлек районунун (Баткен облусу), Кара-Кулжа районунун (Ош облусу) жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты.

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын райондор аралык чемпионаты биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Командаларды тандоо декабрь айынан бери жүрүп, өз облусунда жеңип чыккан командалар финалдык этапка катышты. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG