Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

16-февраль: Навальный абакта каза болду, “Ихсандын” жетекчиси соттолду, 20 тоннадан ашык алтын сатылды


Алексей Навальный
Алексей Навальный

16-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жаңылыктарды тиешелүү шилтеме аркылуу толугураак окусаңыз болот.

Орусиянын абак мекемеси Алексей Навальный каза болгонун билдирди

Орусияда абактагы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун бүгүн 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришти. 47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган.

Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды

Ош облусунун Кара-Суу районунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду. Матраимовдун өзүнө издөө жарыяланган. Ал кайда экени белгисиз.

Сот “Ихсан” кооперативинин жетекчисин 12 жылга, кызматкерин 11 жылга эркинен ажыратты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга, кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Бул кооператив жабырлануучуларга чыгым 701 миллион сом чыгым келтирген.

Үч жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу алты дарыгерге сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бир жарым жыл мурда дарыланууга келип, чарчап калган баланын өлүмү боюнча алты дарыгерге сот өкүмү чыкты. Үч дарыгер акталып, үчөө 4-5-6 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сот мунапыс мыйзамына ылайык, жазага тартылган дарыгерлер эркинен ажыратуу жазасынан бошотту.

Байден Израилди Рафахта операция баштабоого чакырды

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга кайрадан кайрылып, Газа секторунун Рафах шаарында палестиналык жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу план болмоюнча жапырт аскердик операция баштабоого чакырды.

Кыргызстан бир жылда чет жакка 20 тоннадан ашык алтын сатты

Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөлөргө 20 тонна 213,2 килограмм алтын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын былтыркы тышкы соода жүгүртүүсүн талдаган баяндамасында жарыяланды. Мунун наркы 1 млрд 284 млн 332,8 миң доллар болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG