Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

13-февраль: Талаштуу ЖМК мыйзамы, блогердин кармалышы, Украинага жардам


Сөз эркиндигин коргогон акцияда тартылган сүрөт
Сөз эркиндигин коргогон акцияда тартылган сүрөт

13- февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Парламент комитетинде талаштуу ЖМК мыйзамы өткөн жок

Кыргыз өкмөтү сүрөп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетиндн колдоо тапкан жок. Жыйынга катышкан алты депутаттын үчөө "макул", үчөө "каршы" добуш берди. Мыйзам долбоорун экинчи жолу добушка коюу аракети болуп, бирок кворум чогулбай калды. Документ буга чейин да эки комитеттен дароо кабыл алынбай, каршылыкка кабылган. Долбоор 55 беренеден туруп, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Анын бир нече беренеси боюнча талаш пикир жаралууда.

Ошто эгиз кыздарын сабаган деп шектелген келин энелик укуктан ажыратылды

Араван райондук сотуна келинди энелик укуктан ажыратуу үчүн арызды былтыр декабрда Башкы прокуратура берген. 6-ноябрда эки жашар наристелерин сабап жаткан келиндин видеосу социалдык тармактарга тарап, 8-ноябрда Ош облустук милициясы 21 жаштагы келинди кармаган. Кыздар кийин өз атасына өткөрүлүп берилген. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн адистер кыздардын көк ала денесинен көптөгөн тактар, шишиктер, ийне сайылган тактар аныкталганын билдирген. Бул окуя боюнча келинге Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен иш козголгон.

Судья Мадумаровду сот залынан чыгарды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча шектелип, беш айдан бери тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду сот залынан чыгарды. Адвокат Кубанычбек Туманов айткандай, күбөлөр суралып жаткан учурда судья Мадумаровго үч жолу эскертүү берген. Бүгүн сотто коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев, экс-вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Амангелди Бакиров жана Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Саитжан Эратов көрсөтмө берди. Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын "саясий куугунтук" деп сыпаттап келет.

Милиция блогер Али Эргешев кармалганын ырастады

Ички иштер министрлиги блогер былтыр май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын, Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын маалымдады. Мунун алдында блогер Инстаграмдагы баракчасына видео, фото жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын айткан. Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал өлкөдөгү тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка кызмат көрсөтүү сапаты тууралуу видеолорду жарыялап жүрчү.

АКШ Сенаты Украинага жардам камтылган мыйзам долбоорун жактырды

Конгресстин үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми документ республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени белгилүү. Киев башкы союздашы АКШдан жардам токтосо соңку кезде чабуулдарын күчөткөн Орусияга туруштук берүү кыйындай турганын билдирген. Өлкө президенти Владимир Зеленский Сенаттагы бүгүнкү добуш берүүдөн кийин Украинага 61 миллиард доллар жардам каралып жаткан мыйзамды кубаттай турганын билдирди.

Иранда Махса Амининин тууганы соттолду

Иранда сот полиция бөлүмүндө каза болгон Махса Амининин тууганы Сафа Ааэлини жалпысынан 5,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Hengaw укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Ааэли нааразылык акцияларына катышканы үчүн күнөөлүү деп табылып, “аятолла Али Хаменеиге акаарат келтирген” жана “өкмөткө каршы үгүт иштерди” жүргүзгөн деп айыпталды, сот өкүмү 11-февралда жарыяланды. Ааэлини былтыр туугандары Аминини эскерип жаткан иш-чарада өз үйүнөн кармап кетишкен. 2022-жылы күзүндө хижабды туура эмес кийген деген негизде кармалган 22 жаштагы Махса Амининин полиция бөлүмүндөгү өлүмүнөн соң тутанган, кийин күч менен басылган «Аялдар, жашоо, эркиндик» масштабдуу нааразылык акциялары учурунда 500дөй адамдын өмүрү кыйылган, он миңдеген адам камакка алынган. Демонстранттардын бир нечеси дарга асылган.

Армения Азербайжан менен чек арасында бир нече аскери окко учканын билдирди

Ереван армян-азери чек ара тилкесинде Азербайжандын аскерлеринин огунан эки аскер кызматкери набыт кеткенин, дагы бир нечеси жараат алганын билдирди. Бир нече сааттан кийин каза болгондор төртөө экени кабарланды. Ал эми Азербайжандын Чек ара кызматы билдирүүсүндө азери аскерлери “жазалоо операциясын” ишке ашырып, Неркин Ханддагы армяндардын чек ара бекетин “толук жок кылганын”, анткени 12-февралда армян аскерлери Азербайжандын Зангелан районундагы аскердик бекетке ок чыгарып, бир чек арачысын жарадар кылганын маалымдады. Ереван Бакунун мындай айыптоосун «дезинформация» деп четке какты. Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей этностук армян үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

"Манас" аэропортунда журналист Али Эргешов кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:16 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG