Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Обончу, аткаруучу Бакыт Капаров дүйнө салды


Бакыт Капаров.
Бакыт Капаров.

Бүгүн, 13-февралда белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 55 жашында акка моюн сунду. Бул маалыматты “Азаттыка” анын сахналаштары тастыктады.

Буга чейин Бакыт Капаров инсульт алып, клиникалык тез жардам ооруканасына түшкөнү маалым болгон. Өнөр адамдары анын комада жатканын социалдык тармактарга жазышкан.

Бакыт Капаров 1968-жылы 5-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. 1994-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Ал "Жубайыма", "Төк жамгыр", "Тоң мекеним" баш болгон 50дөн ашык чыгарманын автору. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG