Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

9-февраль: Журналисттин кармалышы, Клооптун соту, Путиндин маеги


Эрмек Аттокуров.
Эрмек Аттокуров.

9-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Дагы бир журналист кармалды

Журналист Эрмек Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренесине шек саналып кармалды. Чүй облустук милициясы ал укук коргоо органдарынын кызмат адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылып, 8-февралда анын 100 миң сомун алып жатканда кармалганын билдирди. Буга чейин “Бешинчи каналда” жана НТС телеканалында иштеген Эрмек Аттокуров кошунасы менен болгон чырда иши акыйкатсыз тергелгенин айтып, бир жылдан бери милиция кызматкерлерин сындап келаткан.

Сот «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюуну чечти

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин басылманын адвокаттары "мыйзамсыз" деп, шаардык сотко арызданарын билдирди. Жума күнү сотто Республикалык психиатрия борборунун адистери өздөрү чыгарып берген бүтүмдөрү тууралуу көрсөтмө берди. Эксперт Жанна Караева “Клооптун” материалдары боюнча адистер менен бирге жөн гана жеке тажрыйбасына таянганын айтты. Kloop медиасынын адвокаттары эксперттердин корутундусун четке кагып, ал негизсиз жана үстүртөн жасалганын билдиришти. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клоопту” жабуу боюнча сотко кайрылганы 2023-жылы 28-августта белгилүү болгон. Kloop Кыргызстандагы көз карандысыз медианын бири.

Kloop порталынын иши боюнча соттук отурум. 9-февраль, 2024-жыл.
Kloop порталынын иши боюнча соттук отурум. 9-февраль, 2024-жыл.

Дарыгерлердин коопсуздугу күн тартибине чыкты

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөнов 14 неврологдун жапырт иштен кетүү тууралуу жазган арызы боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал коопсуздугуна нааразы болуп жаткан дарыгерлер менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, мекеме дарыгерлердин коопсуздугу үчүн өз каражатынан күзөт кызматын жалдай турганын айтты. Мунун алдында Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Улуттук госпиталда 14 невролог жапырт иштен кетүү тууралуу арыз жазганын жарыялаган.

Британияда иштөөгө 26 миңден ашык арыз түштү

Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн жети саатын ичинде 26 миңден ашуун кыргызстандык арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Анын ичинен 14 миң 735и тандоонун биринчи этабынан өттү. Буга чейин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер “Азаттыкка” берген маегинде 2023-жылы ал жакта 10 миң кыргызстандык иштегенин билдирген. Кыргызстанда жумушсуздук негизги көйгөйлөрдүн бири.

Украина: Орусиянын чабуулунан бир нече кишинин өмүрү кыйылды

Николаев, Херсон жана Харьков облустарына Орусия учурган 16 дрондун онун атып түшүргөнүн өлкөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. Харьковдо бир адам жарадар болгонун, жарандык инфраструктура жабыркады. Херсон облусунда соңку суткада эки киши каза таап, дагы он киши жараат алганын аймактын жетекчиси Вадим Филашкин кабарлады. 8-февралдын кечинде украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды иштен алып, анын ордуна буга чейин жөө аскерлерди жетектеген Александр Сырскийди дайындады. Муну ал согуштун стратегиясын кайра карап чыгуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү. 8-февралда Орусия менен Украина 100дөн согуш туткунун айырбаштады.

Путин Украинадагы согуш үчүн Батышты айыптап, диалогго даяр экенин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык Fox News телеканалынын мурдагы алып баруучусу Такер Карлсонго курган маегинде согуштун башталышына кайрадан Украинаны жана Батышты айыптады. Путин Вашингтон позициясын кайра карап чыгышы, Украинага курал берүүнү токтотушу керектигин, ошондо гана кармашты токтотсо, мунасага келсе болорун айтты. "Варианттар бар, болгону, каалоо керек", – деген Путин Москва диалогго даяр экенин белгиледи, бирок кандай шартта болушу мүмкүн экенин айткан жок. Америкалык журналист Такер Карлсон Путинден интервью алыш үчүн Москвага ушул айдын башында барган. Бул маек Орусия Украинага кол салгандан берки эки жыл ичинде батыштык журналист Путиндин жеке өзү менен байланышкан алгачкы интервью болду.

Казакстанда аялдар маршын колдогон активист пикет уюштурду

Сатиралык "Qaznews24" паблигинин автору жана "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын мүчөсү Темирлан Енсебек колуна Алматы акимчилигиндеги кызматкерлерден феминисттерге марш өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган жазуу кармап, Эгемендик эстелигинин алдына чыкты. Активисттин айтымында, бүгүнкү акциясы менен ал бир нече аптадан бери 8-мартта аялдар маршын жана митинг өткөрүүгө уруксат ала албай жүргөн фем-активист кыз-келиндерге тилектештигин жана колдоосун билдиргиси келди. Активист январь айында акция уюштуруп, 15 суткага камалган. Анда ал тынч митинг уюштурганы үчүн кармалган башка активисттерге тилектештигин билдирип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG