Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

ЖЭБдеги авариянын калдыктарынын 95% тазаланды


Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанында болгон жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 14-от казанында болгон жарылуу. 2-февраль, 2024-жыл.

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аймагын авариядан кийинки курулуш калдыктарынан тазалоо жумуштары 95% аткарылып, имаратты жылуулоо 65%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу ЖЭБдин айланасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн “Медиа штаб” кабарлады.

Жылуулук борбордогу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мында иштеп жаткан кызматкерлердин коопсуздугу жана ден-соолугу тыкыр көзөмөлгө алынып, тамак-аш менен камсыздалууда.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Энергетика министри Таалай Ибраев 5-февралдын кечине карата Бишкек шаары жылуулук менен 100% камсыздалып, ысык суунун ЖЭБден чыккан табы 100 градуска жетип жатканын билдирген.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат. Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жүргүзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG