Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

"Грэмми": Тейлор Свифттин жаңы рекорду, "Барбинин" жеңиши


Тейлор Свифт
Тейлор Свифт

"Жылдын мыкты альбому" номинациясында "Грэмми" сыйлыгы америкалык ырчы Тейлор Свифтке ыйгарылды. Ал бул абройлуу сыйлыкты төрт жолу алган биринчи аткаруучу болуп калды. Былтыр ырчынын тапкан кирешеси айрым чакан өлкөлөрдүн казынасынан да ашып, 1 миллиард долларддан өттү.

"Греммидеги" жаңы рекорд

АКШнын Лос-Анжелес шаарында атактуу "Грэмми" музыкалык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталып, 5-февралга караган түнү тапшыруу аземи өттү. 66-жолу өткөн сыйлыктын негизги номинацияларын бул жолу ырчы айымдар илип кетти.

Тейлор Свифттин "Midnights" ыр жыйнагы"Жылдын эң мыкты альбому" наамына татыды. Ошентип, Свифт бул номинацияны төрт жолу алган алгачкы ырчы катары "Гремминин" тарыхында рекорд койду.

"Бул менин жашоомдогу эң бактылуу учур экенин айткым келет. Бирок дал ушундай сезимдер ыр жазып бүткөндө да келет. Ошондуктан, мага бакыт тартуулаган ишимди улантууну каалайм", - деди Тейлор Свифт.

Свифтке бул сыйлыкты буга чейин оор дартка чалдыкканы кабарланган Селин Дион тапшырды. Анын салтанатка келгени "Гремминин" көркүн ачканын эл аралык медиа жазды.

Тейлор Свифтке быйыл апрелде "The Tortured Poets Department" аттуу жаңы альбому жарык көрөрүн жарыялады.

Сыйлык тапшыруу учуру
Сыйлык тапшыруу учуру

Өткөн жыл 34 жаштагы ырчы Тейлор Свифт үчүн жемиштүү болду.

Ал 200 миллиондон ашык пластинкасын саткан атактуу ырчы. Свифт "Грэмми" сыйлыгынын 12 жолку лауреаты, 40 жолу "American Music Awards" жана башка сыйлыктарды алган. Былтыр анын концерттик гастролдорунан түшкөн кирешеси айрым чакан өлкөлөрдүн казынасынан да ашкан. Bloomberg жазгандай, Тейлор Свифттин байлыгы 1,1 миллиард АКШ долларын түзөт.

Буга чейин Time журналы ырчыны "2023-жылдын адамы" деп тандаган. Свифттен тышкары, “Жылдын адамы” наамынын талапкерлеринин кыска тизмесинде Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, OpenAI комапниясынын башкы директору Сэм Альтман, Улуу Британиянын королу Чарльз III жана 2023-жылдын эң көп касса чогулткан тасмасынын баш каарманы "Барби" куурчагы болгон.

"Барбинин" жеңиши

"Барби" демекчи, Билли Айлиштин дал ушул тасма үчүн жазылган "What Was I Made For?" аттуу чыгармасы "Жылдын ыры" номинациясына татыктуу болду.

Билли Айлиш сыйлыкка "Барби" деген жазуу бар кийим менен келген.
Билли Айлиш сыйлыкка "Барби" деген жазуу бар кийим менен келген.

Чейрек кылымдан бери кинолор үчүн жазылган ырлар бул номинацияда жеңишке жеткен эмес. Акыркы жолу Селин Дион 1999-жылы "Титаник" фильминдеги "My Heart Will Go On" чыгармасы үчүн бул сыйлыкты алган.

"Күчтүү аялдардын гимни"

"Мыкты үн жаздыруу" жана "Мыкты жеке поп-аткаруу" номинациясында "Flowers" аттуу феминисттик ыры менен Майли Сайрус жеңүүчү деп аталды. Бул 31 жаштагы ырчынын карьерасындагы алгачкы статуэтка.

Майли Сайрус
Майли Сайрус

Ырчыга бул сыйлыкты америкалык атактуу аткаруучу, продюсер Мэрайя Кэри тапшырды.

Майли Сайрус сыйлык алып жаткан учурда толкундануусун жашырбай "Жамгырда тыгында калып, сыйлыкты тапшыруу учуруна үлгөрбөй каламбы деп ойлогом. Эмнеси болсо да Мэрайя Кэриге сөзсүз үлгүрүшүм керек эле" деди ырчы.

"Flowers" ырынын сөзү жана клиби өткөн жылы эң көп талкууланган чыгармалардын бири болгон. Музыка сынчылары жана угармандар аны "Күчтүү аялдардын, өзүн сүйгөн аялдардын" гимни деп аташкан. Бул чыгарманы ырчынын жеке жашоосуна байланыштырып келишет.

Газадагы согушту токтотуу чакырыгы

Кечеде былтыр 7-октябрда Supernova музыкалык фестивалында АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобунун согушкерлеринин кандуу чабуулунда набыт болгондордун элесин эскеришти.

"Ал күн жана андан кийинки каргашалуу күндөр бүткүл дүйнө үчүн коркунучтуу болду жана биз бардык бейкүнөө адамдардын өлүмүнө кайгырабыз", - деди Үн жазуу академиясынын башкы продюсери Харви Мейсон.

Анын сөзүн Израилдин, Палестинанын жана араб музыканттарынын оркестри коштоп турушту.

"Грэмминин" үч номинациясында жеңүүчү болгон кыз-келиндердин "Boygenius" тобунун мүчөлөрү сахнага Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу чакырыгы жазылган төш белгилер менен чыгышты.

"Артисттер ок атууну токтотууну колдойт. Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун", – деди ырчы Энни Ленокс.

Энни Леннокс
Энни Леннокс

Шотландиялык ырчы Энни Леннокс өзүнүн саясий активдүүлүгү жана кайрымдуулук иштери менен белгилүү.

Ал эми Виктория Моне "Жылдын мыкты жаңы аткаруучусу" деп табылды. Ал R&B альбом номинациясында да жеңди.

"Грэмми" сыйлыктарын АКШдагы Үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет. Ал 80ден ашуун категорияда берилет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG