Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

"Италияга мыйзамсыз мигранттарды ташып жатышат". Тузакка түшкөн кыргыз, өзбек жарандары


Лампедуза аралынын жээгинде куткарылган мигранттар. Италия, 18-сентябрь 2023-жыл
Лампедуза аралынын жээгинде куткарылган мигранттар. Италия, 18-сентябрь 2023-жыл

Борбор азиялык мигранттар кылмыштуу ишке тартыла баштады

Адам аткезчилери Түркиядан Италияга мыйзамсыз мигранттарды ташыган катер, кемелерди башкарууга борбор азиялыктарды көбүрөөк тарта баштады. Ушундай мазмундагы макала 29-январда британиялык Guardian басылмасында жарык көрдү. Гезит жазгандай, Миграция боюнча эл аралык уюм былтыр Түркиянын Измир, Бодрум жана Чанаккале портторунан Сицилиянын, Калабриянын жана Пулиянын жээгине 7 миң 153 мигрант келгенин, ар бири Италиянын жээгине жетүү үчүн 8 миң евродон ашуун акча төлөгөнүн билдирген.

Италиялык Arci Porco Rosso жана Borderline Europe бейөкмөт уюмдарынын баяндамасына ылайык, 2023-жылы Италиянын полициясы кеме, катер, кайыктардын 68 айдоочусун камакка алган. Качкындарды мыйзамсыз ташыган деген айып тагылгандардын кеминде 18и Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстан жарандары.

Мыйзамсыз мигранттардын Сицилияга бет алган кайыктары. Архивдик сүрөт
Мыйзамсыз мигранттардын Сицилияга бет алган кайыктары. Архивдик сүрөт

Гезит алар бул ишке мурда тартылып келген орусиялыктарды жана украиналыктардын ордун басканын белгилейт.

Адвокат Олеся Дзедзинска басылманын кабарчысына айтып бергендей, мурда кылмыштуу топтор украиналык балыкчыларды жалдачу.

“Эми аткезчилер ар кайсы жерден, Борбор Азиядан кишилерди издей баштады. Буга Украинадагы согуш, кайык башкаргандардын көбүрөөк колго түшүрүлө баштаганы себеп болду”, - деп түшүндүрдү адвокат.

Кеме Италиянын аймагына сүзүп келгенде бийлик капитандын аты-жөнүн сурайт. Мыйзам боюнча ал камакка алынат жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшүү, шыкактоо, адам аткезчилиги же кылмыштуу уюмга мүчө болуу беренелери менен айыпталышы ыктымал. Андай кылмыштар үчүн Италияда 15 жылга чейин абакка кесүү каралган. Ал эми жүргүнчү каза тапса, өмүр аягына чейин эркинен ажыратылат.

Гезиттин дагы бир маалыматына караганда, ушу тушта Италиянын түрмөлөрүндө мыйзамсыз миграцияга жардамдашкан деп күнөөлөнгөндөрдүн арасында бери дегенде 40 борбор азиялык жаран отурат.

Адвокат Дзедзинска кемени башкарууга макул болгондор кандай тобокелдиктерге туш болуп жатканын түшүнбөгөнүнө көңүл бурат.

“Айрымдары болгону 19-20 жашта. Италиянын мыйзамдары көп учурда алар дагы кылмышкерлердин курмандыгы болуп калды деген аргументти эске албайт. Борбор азиялыктардын көбү кайык, катерлерди башкарууну бир жумага жетпеген убакытта үйрөнүшөт”.

Мисал катары өзбекстандык 20 жаштагы жигиттин 2021-жылы 3 жылга кесилгени келтирилет. Ага Түркиядан Калабрияга 48 кишини мыйзамсыз ташып келген деген айып тагылган. Жигит камакка алынарын билбегенин, бул кадыресе эле жумуш деп ойлогонун, Түркияга иш издеп келгенин гезитке айтып берген.

Былтыр Италия бардыгы болуп 250 чакты кеме айдоочуну камаган. Алардын көбү Ливия жана Тунистен мигранттарды ташыган египеттиктер.

Адам укуктарын коргоочулар Италиянын мыйзамы катаал экенин айтып, "буга тынчсыздануусун билдирип келатышат" деп жазат гезит.

Авто өндүрүүчүлөр Шиңжанда куугунтукталган азчылыктар жасаган продукцияны колдонобу?

Англис тилдүү The Diplomat сайты Human Rights Watch уюмунун докладынын негизинде ири авто өндүрүүчүлөр Шиңжандагы улуттук азчылыктар мажбурлап ишке тартылган заводдордун продукциясын колдонушпайт деген кепилдик бере алышпайт деп 2-февралда жазды.

Ошол өндүрүүчүлөр арасында Tesla, General Motors, Volkswagen, Toyota аталган.

Сайт БУУнун 2022-жылкы баяндамасында Кытай Шиңжанда адамзатка каршы кылмыш кылган болушу мүмкүн деп тапканын эске салат. Маалыматка караганда, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги The Associated Press агенттигинин соңку баяндамасы тууралуу суроолоруна жооп берген жок.

Tesla компаниясынын Бээжиндеги шоуруму. 4-январь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Tesla компаниясынын Бээжиндеги шоуруму. 4-январь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Сөз болгон баяндамада машинелердин ондогон тетиктерин жасоодо керектелген алюминий чыгаруу эмгек лагерлери менен байланыштырылат. Ал ишканаларда мусулмандар идеологиялык кысымга туш болору, кыймыл-аракеттери чектелери айтылып жүрөт. Баяндама компаниялардын маалыматтарына, Кытай өкмөтүнүн документтерине жана уюмдун буга чейинки изилдөөлөрүнө негизделген.

2022-жылдан бери АКШ Шиңжандан товар импорттогондордон ошол продукция күчтөп ишке салынган адамдар тарабынан жасалбаганын далилдеген документтерди талап кылат.

Human Rights Watch алюминийдин кайдан чыкканын, өзгөчө ал Кытайдын башка жерлерине жөнөтүлгөндө жана эритилгенде иликтеп чыгуу кыйын экенин белгилейт.

Тармактык отчетторго ылайык, Кытайдагы алюминийдин 15 пайыздан ашыгы жана дүйнөлүк камсыздоонун 9 пайызга жакыны Шиңжанга туура келет.

Кытай былтыр дүйнөдөгү эң ири авто экспорттоочу жана электромобилдердин эң ири өндүрүүчүсү болуп калды.

Британияда жайгашкан Эл аралык алюминий институтунун маалыматына караганда, электрэнергия менен иштеген машинелердин популярдуулугунан улам, алюминийге болгон дүйнөлүк суроо-талап 2019-2050-жылдар аралыгында эки эсеге көбөйөт.

Кытайдагы көпчүлүк чет элдик авто өндүрүүчүлөр өкмөттүн чектөөлөрүнөн улам жергиликтүү фирмалар менен биргелешкен ишкана түзүшөт.

Укук коргоочулар атаган компаниялардын айрымдары аталган баяндама менен жакындан таанышып чыгарын айтышса, кээ бирлери уюмга жооп берген эмес.

Эки жылга жетчү тамакты тажиктер кантип сактайт?

Eurasianet сайты 29-январда баскан макалада жазылгандай, тажик президенти 15 жылдан бери салтка айланган адатына салып, элди кыйынчылыктарга даяр турууну, кеминде эки жылга жетчү азык-түлүк камдап алууга үндөдү.

Эмомали Рахмондун айтымында, мындай кеңеш берүүгө климаттын өзгөрүүсү, калктын санынын өсүшү жана дүйнөлүк азык-түлүк жеткирүү чынжырындагы күтүлбөгөн жагдайлар түртүп жатат.

Андан ары айтылгандай, адаттагыдай эле бул ирет да президент колунда жок калк мынчалык көп азык-түлүктү кайдан сатып алып, кайда сакташы керек экенин түшүндүргөн жок.

Дүйшөмбүдөгү базар
Дүйшөмбүдөгү базар

Орточо айлык акы 130 доллардын тегерегинде болгон Тажикстанда көпчүлүк үй-бүлөлөр Орусиядагы эмгек мигранттардын акча которуулары менен жан сакташат. Барган сайын көбүрөөк киши азык-түлүк сактоо кыйын болгон шаарлардагы чакан батирлерге көчүп жатат.

2022-жылы “Азия-Плюс” көз карандысыз гезити эки жылга жеткидей азык-түлүктү кантип сактоо керек деген кеңеш берүүгө аракеттенген. Ошондо өлкөнүн Тамактануу институту чыгарган маалыматтарга таянып, беш кишиден турган үй-бүлөгө беш айга зарыл болгон негизги тамак-аштын көлөмү 1,4 тоннага жетери айтылган.

Ал эми Мамлекеттик стандарт боюнча агенттик 24 айга чейин сактоого мүмкүн болгон азык-түлүктүн катарына кант, бал, макарон, консерваланган жашылча, варенье, кургатылган жер-жемиштерди, кургак сүттү, чай, кофе, какао, суу май, күрүч менен унду кошкон.

Eurasianet атын атагысы келбеген экономикалык маселелер боюнча эксперттин пикирине да токтолгон. Анын айтымында, эгер калың эл Рахмондун сөздөрүн аткарууга киришсе, бул башаламандыкка алып келет.

“10 миллион кишинин базарларга жабыла чуркап барып тамак алганын элестете аласыңарбы? Соодагерлерибиздин кампалары эки жыл мындай турсун, калкты эки айга камсыз кылууга чамасы жетпейт. Баалар дароо асманга чейин көтөрүлүп, базарлар, дүкөндөрдүн текчелери бош калмак», - дейт эксперт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG