Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:06

«Кызыңар өзү күнөөлүү». Өзбекстанда аялды айыптаган вайнерлер камалды


Вайндан кадр.
Вайндан кадр.

Өзбекстанда «үй-бүлөлүк зомбулукту колдогон жана үгүттөгөн видео тартып жайылткан» деген негизде эки вайнер 15 суткага камакка алынды.

«Кызыңар өзү күнөөлүү»

Өзбекстандык блогерлер Инстаграм баракчасына жарыялаган видеодо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, бети-башы көк ала болгон келин төркүнүнө качып барганы, алгач атасы күйөө баласына ачууланып, бирок анын «кызыңар өзү күнөөлүү» деген сөзүнөн кийин келинди кайра күйөөсүнө кошуп жибергени баяндалат.

Анда күйөө бала кайын атасына мындай деген:

«Кызыңызды алып кетпеңиз. Алып кетсеңиз эмне кыласыз? Бирөөгө ойнош же экинчи аял болот».

Блогерлердин жоопкерчилиги 27-январда Ташкенттин Шайхонтохур районунда каралды. Өлкөнүн Жогорку Сотунун маалыматына караганда, алар зомбулукка үгүттөгөн видеосун социалдык түйүндөр аркылуу жайылтышкан.

Сот Ш. О. жана Р.А. аттуу эки вайнерди «зордук-зомбулукка, мыкаачылыкка, жыныстык дискриминацияга үгүттөгөн, ички иштер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийген эмес» деген негизде 15 суткага камакка алды.

Коомчулукта чоң резонанс жараткандан кийин роликтин авторлору кечирим сураган видео жаздырышып, мындан ары бул сыяктуу ишке барбоону убада кылышты.

Блогерлер.
Блогерлер.

"Биз үч-төрт күн мурун аял кандай учурда болбосун эркекке баш ийиши керек деген таризде ролик тартып, жарыялаганбыз. Бул роликте көрсөтүлгөн окуя Өзбекстандын гендердик теңчилик тууралуу мыйзамдарына каршы келет. Ошондон улам элде негативдүү пикирлерди жаратты. Колдонуучулардан кечирим сурайбыз жана мындан ары мындай видео тартпайбыз деп убада беребиз".

30-январда өзбек медиасы Ферганада да зордук-зомбулукту үгүттөгөн видеону тараткан жигит жоопко тартылганын жазып чыкты. Ал эркектин кызды сабап жатканын видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Фергана облустук милициясынын телеграмдагы расмий баракчасына блогердин кечирим сураган видеосу жайгаштырылды.

“Мен баракчама видео жайгаштыргам. Бул интернет колдонуучулар арасында бир топ талкуу жаратты. Биздин видео айыптоо үчүн негиз болду. Кечирим сурайм. Башкалардан да мындай мазмундагы видеолорду таратпоону, социалдык тармактарга чыгарбоону суранат элем", - деди блогер.

Фергана облустук милициясы блогерге Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 1891-беренеси (зомбулук же ырайымсыздыкка үндөгөн продукцияны өндүрүү, алып келүү, жайылтуу, жарнамалоо, көрсөтүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булар Өзбекстанда блогерлер зомбулук же аялдар укуктарын басмырлаган видео үчүн жазаланып жаткан алгачкы учур эмес.

Өзбекстандык блогерлер.
Өзбекстандык блогерлер.

Буга чейин Ташкентте эки блогерге аялдын көчөдө өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу кеңештери жазылган видеолорду социалдык тармактарда таратканы үчүн айып тагылган. “Аялдардын сыртка чыгуу этикасы” деген аталыштагы видеотасмада аялдарга ар кандай обужок чектөөлөр диний контекстте айтылган. Маселен, аялдар үйдөн зарыл учурда жана эркектин уруксаты менен гана чыга алаары айтылган.

Былтыр Өзбекстанда балдарды жана аялдарды зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам кабыл алынган. Бул бир катар мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар катышып даярдаган, дээрлик бир жылдык иштин жыйынтыгы болгон. Активисттер жана укук коргоочулар Өзбекстанда аялдардын укугу, алардын түрдүү зомбулуктан корголушу начар абалда экенин айтып чыгышкан.

Бул өлкөдө бир апта ичинде өспүрүм кыздар сексуалдык зомбулукка кабылган бир нече окуя катталганда коомчулукта чуу жараткан – Хорезмде жетимдер үйүндө тарбияланган кыздарды жергиликтүү чоң кызматтагы адамдар зордуктап жүрүшкөнү, Кашкадарыяда өгөй атасы зордуктаган кыз балалуу болгону, Хорезмде 15 жаштагы кызды 11 эркек зордуктаганы тууралуу фактылар аныкталган.

Кыргызстанда да үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу блог, вайндар тартылып, коомдо талкууланган учурлар болгон. Буга чейин кырнетте ала качууну пропаганда кылган жарнамалар талкууланып, видеону тарткан актёрлор жана ишкерлер тасманы өчүрүп, элден кечирим сурашкан.

Өлкөдө зомбулукту пропаганда кылганы үчүн жазага тартууну караган мыйзамдык чара жок.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG