Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Башкырстандагы нааразылык: Эки студентти кармап кетишти


Баймактагы акция.
Баймактагы акция.

Башкырстандын Баймак шаарында күч органдары Уфа отун-энергетика коллежинин эки студентин кармап кеткенин 18-январда RusNews маалымат каналы билдирди. Алар "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө жарыялаган посттору үчүн кармалган болушу ыктымал экени айтылды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуу жайга формачан 15 чакты киши кирип барып, Вилнур жана Газиз аттуу балдарды алып кетишти. Алар эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз. Бирок 17-январдагы нааразылык акциясына байланыштуу кармоо экени белгиленүүдө.

17-январда Баймакта «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен иш козголгон экоактивист Фаил Алсыновдун соту болуп, ал жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилген. Сот имаратынын жанына бир нече миңдеген адам чогулуп, полиция аларга күч колдонгон. Башаламандык тутанып, жыйырма чакты кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин жапырт башаламандык тууралуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Республиканын Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Рафаил Диваев «Жапырт башаламандык өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат, ошондуктан бул берене боюнча катуу жаза чарасы аныкталышы керек. Эсиңерге келгиле, өз тагдырыңарды талкалабагыла, бардык талаштуу маселелерди мыйзамдуу жол менен чечсе болот» деп айткан.

Активист Алсыновдун соту Баймак шаарында жабык өткөн. Аны колдоп топтолгон адамдардын таркап кетишин талап кылганда ортодо кагылышуу чыгып, күч кызматкерлери кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ, союл колдонушкан.

Акциянын көптөгөн катышуучулары кармалып, кечке чейин алардын көбү кое берилип, төртөө калганы айтылган.

Акция учурунда Баймактагы окуяны чагылдырып жаткан бир катар Telegram каналдардын иши бөгөттөлүп жатты.

Фаил Алсынов.
Фаил Алсынов.

Алсыновго каршы иштин козголушуна анын 2023-жылдын апрель айындагы сөзү себеп болгон. Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташты. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз кара эмес, жөнөкөй деген мааниде айтылган.

Бир күн мурда Росфинмониторинг уюму Алсыновду "экстремисттер жана террористтер тизмесине" киргизген. Өзүн имам деп тааныштырган Хамза Хафизов атуу адам "Новости" басылмасына курган маегинде аны ваххабиликке айыптаган.

Активистке каршы иш Башкыртстандын башчысы Радий Хабировдун арызынын негизинде козголгон. Буга, жогоруда айтылгандай, Алсыновдун 2023-жылы 28-апрелде Баймак районунун Ишмурзино кыштагында эл алдында сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын" жана "армяндар" деген сөздөрдү колдонуп, кишилер тобунун адамдык ар-намысын кемсинткен деп эсептей турганын билдирген.

Хабиров активистти «экстремисттик ишмердүүлүгү» жана «мамлекетке каршы чакырыктары» үчүн кылмыш жообуна тартууну өтүнгөн.

Активист коюлган айыптоолордун баарын негизсиз деп, четке кагууда.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Алсынов 2018-жылы Башкыртстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону «Башкыр сода» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG