Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

24.kg агенттигинде тинтүү жүрүп, редакторлору сурак берип чыкты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл

Кыргызстандагы көз карандысыз маалымдоо каражаты - 24.kg агенттиги тинтүүгө алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери анын кеңсесине мөөр басып койду. Ошондой эле басылманын жетекчилери сурак берип чыкты.

УКМК басылманы тинтүү "согушту пропагандалоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатат деген маалымат таратты.

15-январда Бишкекте УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Андан соң басылманын башкы директору Асел Оторбаева, сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь атайын кызматка сурак берип чыкты.

Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.
Махинур Ниязова (солдо) менен Асел Оторбаева (оңдо) укук коргоо органдарынын автоунаасына отурган маалы. 15-январь, 2024-жыл.

Күч кызматкерлеринин өкүлдөрүнүн коштоосунда автоунаага кирип бараткан маалда Асел Оторбаева кыскача комментарий берип, аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү.

Ошондой эле басылманын кеңсеси жабылып, мөөр басылды. Күч кызматкерлери кеңседеги компьютерлерди чыгарып кеткени кабарланды.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы 24.kg басылмасын тинтүүгө байланыштуу билдирүү таратып, медиада Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси – “согушту пропагандалоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргөнүн маалымдады.

"Кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн тинтүүдө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынды. Учурда ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө" деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Мекеменин басма сөз кызматы кылмыш иши кайсы материалга байланыштуу козголгонун тактаган эмес.

Басылманын кеңесесине мөөр басылып жаткан учур.
Басылманын кеңесесине мөөр басылып жаткан учур.

24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүү 15-январда түшкө чейин башталган. Басылманын өкүлдөрү тинтүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Басылмадан билдиришкендей, тинтүүнүн алгачкы саатында “Медиа Полиси” институтунун жана “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери менен адвокаттары кеңсеге киргизилбей жаткан. Кийин айрымдары киргизилген. Эшик учкай ачылган маалда басылманын компьютерлери коридордо жайылып турганы көрүнгөн.

24.kg Бакчиев менен байланышын четке каккан

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган көз карандысыз медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт мындан сырткары кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар.

2023-жылдын март айында 24.kg маалымат агенттигинин эки кызматкери УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында суракта болуп чыккан. Анын бири басылма жайгашкан имаратта бомба коюлганы тууралуу кабарга байланыштуу болсо, экинчиси 24.kg сайтына чыккан видеого байланыштуу болчу.

2023-жылдын октябрь айында атайын кызмат Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиевди кармаган маалда, аны 24.kg басылмасы менен байланыштыргандар чыккан. Буга басылма ошол маалга чейин Бакчиев ээлик кылган Red Centre борборунда жайгашканы да негиз катары көрсөтүлгөн. Ал кармалган соң, 27-октябрда басылма башка жакка көчүп кеткен.

24.kg сайтынын башкы директору Асел Оторбаева “Азаттыкка” берген комментарийинде Бакчиев менен дос болгонун ырастап, бирок ал эч качан медиага ээлик кылбаганын тактаган.

Атайын кызмат Бакчиевди былтыр октябрь айында кармаган. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

24.kg сайтын былтыр Орусия бөгөттөгөн

Роскомнадзор 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгону 2023-жылы 13-сентябрда белгилүү болгон. Басылма 2022-жылы күзүндө Роскомнадзордон айрым кабарларды өчүрүүнү талап кылган бир нече кат келгенин жазган. Ал кыска кабарлардын бардыгы Украинадагы согушка байланыштуу болгон. 24.kg Кыргызстандын мыйзамдары бузулбаганын белгилеп, кабарларды өчүрүүдөн баш тарткан.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Роскомсвободанын маалыматына таянып, 24.kg жана Payom сайттарын чектеген чечимдер 2022-жылдын ноябрында жана 2023-жылдын майында кабыл алынганын, бирок алар 12-сентябрда гана аткарылганын жазган.

Бул комитет орус бийлигин аталган сайттарга койгон бөгөттү алууга, ошондой эле Украинадагы согушту чагылдырган эркин медиаларга каршы цензураны токтотууга үндөгөн.

“Орусиянын чет элдик медиаларга каршы санкциялары - өз элине Украинага басып киргени боюнча көз карандысыз маалыматтарды жеткирбөө үчүн жасаган аргасыз аракети. Орусияда чоң аудиториясы бар борборазиялык ЖМКларды бөгөттөө жана жабууну талап кылуу орунсуз. Чет элдик ЖМКларга каршы бардык цензура тезинен токтотулушу керек”, - деген уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG