Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды


Өзбекстанда сот жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробуна ууланган балдардын ишин кароону бир айлык тыныгуудан кийин кайра жандантты.

Ташкент шаардык сотунда 5-январдагы процессте 18 бала майып болуп калганы, дарыдан ууланып мерт болгондордун саны 69га жеткени белгилүү болду. Дагы эки кишиге айып тагылганы, кылмышка шектүүлөрдүн саны 23 болгону айтылды. Келерки сот процесси 10-январга белгиленди.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган “Док-1 Макс” сиробун ичкендер ууланып жатканы 2022-жылдын аягынан тартып белгилүү боло баштаган.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы кылмыш иши козгоп, Quramax Medical компаниясынын, Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги Marion Biotech компаниясынын келген дарыларынын курамындагы этиленгликол медициналык регламентте каралган ченемден 300 эсе көп экенин билдирген. Анын ордуна дарынын курамында пропиленгликоль (бактерициддик таасири бар тамак-аш кошумчасы) болушу керектиги айтылган.

Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

Былтыр "Док-1 Макс" дарысын чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму үч өлкөдө жөтөлгө каршы бул сироптон каза болгон 300дөй баланын өлүмүн иликтеп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG