Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

ТҮРКСОЙ кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин түрк тилинде чыгарды


ТҮРКСОЙ уюму чыгарган кыргыз акын-жазуучуларынын китептери. 29-декабрь, Бишкек ш.
ТҮРКСОЙ уюму чыгарган кыргыз акын-жазуучуларынын китептери. 29-декабрь, Бишкек ш.

Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылган кыргыз акын-жазуучуларынын түрк тилиндеги китептеринин бет ачары өттү.

Түрк тилинде жарык көргөн китептердин арасында жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, акындар Молдо Нияз, Жолон Мамытов тууралуу эмгектерден сырткары, азыркы заманбап калемгерлерден жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Эки эшиктүү үй”, акын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулованын “Жолдогу ойлор”, ⁠Атантай Акбаровдун “Энелер бейиштин мекени”, ⁠Абдилат Дооровдун “Эмнегедир теше тиктейм алысты” аталашындагы китептери бар. Бул эмгектердин баары Анкара шаарынан басылды.

Маданий саамалыкка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, китептери жарык көргөн авторлор, акын-жазуучулар жана коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Султан Раевге, Молдо Нияздын китебин түрк тилине которгон Гүлзада Нармаматовага жана Молдо Ниязга арнап ыр жазган жаш акын Айсулуу Мейликуловага Молдо Нияздын 200 жылдык юбилейлик медалы тапшырылды. Аны Молдо Нияз маарекесин уюштуруу штабынын башчысы Нышанбек Кочкоров тапшырды.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму кыргыз, казак, азербайжан, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. 2022-жылы уюмдун колдоосу менен кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы да түрк тилинде жарык көргөн. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG