Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Бир катар аткаминерлер, депутаттар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Жаңы жыл майрамынын алдында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлык "Эркин-Тоо" гезитинин 27-декабрдагы санына жарыяланды. Сыйлык өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн берилгени белгиленген.

Жарлыктын негизинде III даражадагы "Манас" ордени Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев менен коомдук ишмер Бакирдин Субанбековго берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров "Данакер" орденин алса, сегиз кишиге "Даңк" ордени берилди. Алардын арасында Бишкек шаарынын мурдагы мэри, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков, парламент депутаты Улукбек Ормонов бар.

Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артисти Айша Базарабаева, киноактер Догдурбек Кыдыралиевге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилди.

Драматург Кайрат Иманалиев Эл жазуучусу наамын алды.

Президенттин жарлыгы менен 16 киши "Даңк" медалын алды. Арасында Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери Автандил Арабаев, акын жана журналист Абдулаат Дооров жана башкалар бар.

Мындан сырткары ар кайсыл тармактын ондогон өкүлдөрү наам алышты. Алардын арасында "Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер" деген наам энергетика министри Таалайбек Ибраевге, "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдраимовге берилди.

Президент Жапаров буга чейин Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына карата жана андан мурдараак 31-август - Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.

Былтыр сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Жапаров өзү оппозицияда жүргөндө наам, орден-медалдардын берилишин сындаган билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын, наамдар сатылганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп ишендирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG