Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Байден АКШнын коргонуу бюджетине кол койду


 Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден 2024-жылы улуттук коргонууга рекорддук 886 миллиард доллар бөлгөн мыйзам долбооруна кол койду.

“Мыйзам маанилүү ыйгарым укуктарды берип, бизге зарыл болгон куралдуу күчтөрүн түзүүгө, болочоктогу чыр-чатактарды алдын алууга шарт түзөт, бул миссияны күндө аткарып жаткан жоокерлерди, алардын жубайларын, үй-бүлөлөрүн колдойт” деп айтылат Байдендин билдирүүсүндө.

Бул сумманын ичинен 11,5 миллиард Индия-Тынч океан аймагында Кытайдын таасирин тизгиндөөгө, 800 миллион доллары орус агрессиясына каршы күрөшүп жаткан Украинага жардам катары бөлүнгөн.

Байден октябрда Конгресстен дагы 106 миллиард доллар сураган. Бирок Конгресс ал суранычты канааттандыра элек. Бул пакеттин ичинен 61 миллиард Украинага аскердик жардам иретинде, ал эми 14 миллиард Израилди колдоого берилмек.

Республикачылар менен демократтар бул боюнча орток пикир таба албай убара. Республикачылар Мексика менен чек арага көбүрөөк акча бөлүнсө гана бул пакетти жактырарын жүйө келтирүүдө. Демократтар буга макул эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG