Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

21-декабрь: Тууну өзгөртүүгө каршылык, Прагадагы кол салуу


Кыргызстандын мамлекеттик туусу.
Кыргызстандын мамлекеттик туусу.

21-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Мурдагы спикер, айрым спортчулар тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтышты

Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желекти өзгөртүү менен бийлик туура эмес кадамга барганын айтты. Коомдук ишмер бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте "Кыргыздар" деп аталган китептин ачылышында билдирди.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан. Анда спортчу: "Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок", - деп айткан. Бул тууралуу социалдык тармакка чыккан жаңылыктын алдына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев калтырган комментарий талкуу жаратты.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

Ошто Кытайга каттаган айдоочулар акцияга чыкты

Кытайдан жүк ташыган 50дөн ашык айдоочу бейшембиде Оштун Кара-Суу районундагы Каратай айылында жаңы салынган автоунаа токтоочу жайга чогулду. Алар Кытайга кирүүгө уруксат тууралуу документтер кезек менен берилүүсүн талап кылып, ушул тапта чек арада 300дөй жүк ташуучу унаа коңшу өлкөгө кире албай турганын айтышты. Кезек бир жумада араң жетерин айткан айдоочулар карго компаниялар да "кезек менен кириши керек" деген талап коюшту.

Бир күн мурда да акцияга чыккан айдоочулар менен жолуккан Транспорт министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев чогулгандардын маселесин өкмөткө жеткирерин айткан.

Мамлекеттик кызматкерлерге ККМ чек чогултуу тапшырмасы берилгени ырасталды

Министрлер кабинети мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык кызматкерлерге көзөмөлдүк-кассалык машинанын чектерин (ККМ) чогултуп, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү боюнча расмий тапшырма берди. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, бул салык реформаларынын алкагында көмүскө экономикага каршы күрөшүү чараларына байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Мунун алдында айрым ЖМКлар мамкызматкерлерге ККМ чектерди чогултуу тапшырмасы берилгенин жазып чыгышкан. Ошол эле учурда кызматкерлер белгилүү бир суммага чек чогултушу керек экени айтылган. Жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн бул 15 миң сом жана андан ашык сумманы, ал эми башка кызматкерлер үчүн 10 миң сомдон жана андан ашык сумманы түзөрү белгиленген.

Прагадагы университетте куралдуу кол салуу болду

Чехия полициясы борбор калаа Прагадагы ок атылган окуянын чоо-жайын териштире баштады. 21-декабрда Карлов университетинде бир адам ок атуучу куралдан атканын, каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин, анын өзү өлтүрүлгөнүн полиция кабарлады. Праганын мэри Богуслав Свобода ок чыгарган киши бийиктиктен секирип, каза болгонун айтты. Баштапкы маалыматка караганда, ал ушул эле окуу жайдын тарых факультетинин студенти болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал атасын атып өлтүргөнүн, эми башкаларды да жок кыларын айтып кыйкырган.

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартканы белгилүү болду

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу Израилдин атышууну токтото туруу жөнүндөгү сунушун кабыл алуудан баш тартып койгонун 21-декабрда The Wall Street Journal басылмасы египеттик расмий адамдардын маалыматына таянып жазды. Израил ХАМАСтын колунда барымтада турган 40 жаранын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин бир аптага токтото турууга макул экенин билдирген. Бул сүйлөшүүлөргө Катар менен чогуу Египет да ортомчулук кылууда.

АКШ Өзбекстандын 119 жаранын мекенине кайтарды

АКШ өкмөтү 119 өзбекстандык жаранды мекенине кайтарганын 21-декабрда Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ташкентке жеткирилген бул жарандар Кошмо Штаттарга түрдүү мыйзамсыз жолдор, көбүнчө Мексика аркылуу барышкан. Кайтарылгандардын бири АКШга 3-сентябрда Мексиканын аймагы аркылуу кирип барганын, ошондон бери камакта отурганын, чек арадан өтүү үчүн бир ай убактысы кеткенин, Кошмо Штаттарга жеткирүүнү убада кылган кишилерге 5 миң доллар төлөгөнүн айтып берди.

"Азаттыктын" жаңылыктар топтомун Телеграмдагы жана Вотсапптагы каналдарыбыздан окуп туруңуздар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG