Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Өзбекстанда блогер Отабек Саттори жатак абакка которулду


 Блогер Отабек Саттори.
Блогер Отабек Саттори.

Өзбекстанда 6,5 жылга эркинен ажыратылган блогер Отабек Саттори жалпы режимдеги түрмөдөн жатак абакка которулду. Бул тууралуу “Эзгулик” укук коргоо уюму билдирди.

41 жаштагы Сатторини 2021-жылдын жазында Сурхандарыя облусунун Музрабат райондук соту 6,5 жылга кескен. Кийин Өзбекстандын Жогорку Соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблогду алып барган 41 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөн. Ал 2021-жылдын башында Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып кармалган.

Марттын башында блогерге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылганы кабарланган.

Бир катар эл аралык уюмдар бийликти Отабек Сатторини эркиндикке чыгарууга чакырган. Алар блогерге каршы кылмыш иштери коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында “ойдон чыгарылган” деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG