Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:24

Быйыл Маданият министрлигине ЖМКлар боюнча 77 арыз түштү


Былтыр ноябрь айында өткөн сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш. Архив.
Былтыр ноябрь айында өткөн сөз эркиндигин коргоо боюнча жүрүш. Архив.

Быйыл Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 77 арыз түштү.

Бул тууралуу министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 11-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

“Бул арыздар кайсы бир ЖМКга чара көрүү же бөгөттөө максатында эмес, ар кандай негизде жазылган. Кайсы бир сайтты же ЖМКны жабуу боюнча биз чара көрбөйбүз. Ал үчүн жаран же юридикалык жак анын беделине шек келтирип же туура эмес маалымат жарыялаган болсо, бизге кайрылганда, ошол учурда гана 24 саат ичинде мониторинг жүргүзөбүз. Анда берилген документтер туура болуп чыкса, Санариптик өнүктүрүү министрлигине эскертүү чечимин жөнөтөбүз. Биздин дароо эле жаап салуу оюбуз жок”, - деди Эсенгул уулу.

Министрдин орун басары айтып жаткан чаралар 2021-жылы кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде жасалат. Бул документтеги ченемдер сөз эркиндигине коркунуч жаратарын белгилеп, быйыл июль айында 30дай активист мыйзамдын авторлору - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновага Батыш өлкөлөрүнө виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылуу жасашкан.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. Ал кабыл алынгандан бери канча фейк аккаунт же баракча аныкталып, бөгөттөлгөнү тууралуу маалымат жок.

Бул документтин негизинде “Азаттыктын” сайты дээрлик тогуз айдай бөгөттөлүп турду. Клооп, 24.kg, “Политклиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыз түшкөн учурлар да болду.

Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам менен ушул тапта Клооп порталынын кыргызча жана орусча сайты бөгөттөлүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG