Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Жалал-Абадда кызамыктан бир жашар бала чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусттук балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери Айчүрөк Тургуналиева өткөн аптанын аягында кызамыкты көтөрө албай бир жаштагы бала чарчап калганын айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта жугуштуу оорулар бөлүмүндө жыйырма эки бала кызамык оорусунан дарыланып жатат.

“Бизге кызамык менен ооруп кайрылгандар көбөйүп жатат. Учурда балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткандар көбөйдү жана сасык тумоо менен кайрылгандар көп болууда. Өткөн аптада кызамык менен ооруган жаш бала чарчап калды. Анын жүрөк оорусу да бар экен. Өпкөсүн шамалдатып да алгандыктан ооруну көтөрө албай калды”, - деди Тургуналиева.

Жалал-Абад облустук балдар клиникасына күнүгө сасык тумоо же башка оорулар менен кайрылгандардын саны 100гө чыгып жатат. Оорукананын балдар жаткан бөлүмү карантинге алынды.

Акыркы эки-үч айда Кыргызстанда кызамык жуккан балдар көбөйдү.

Дарыгерлер кызамыктын кесепети жаман болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Кызамыкка каршы пландуу эмдөөлөр адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып, жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жасалууда.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG