Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Казакстанда кендеги кырсык боюнча жети киши кармалды


Костенко шахтасы трагедиядан кийин. Казакстан, 29-октябрь, 2023-жыл
Костенко шахтасы трагедиядан кийин. Казакстан, 29-октябрь, 2023-жыл

Казакстандын өкмөттүк комисcиясы Караганды облусундагы Костенко кениндеги 46 кишинин өмүрүн алып кеткен кырсыктын себебин атады. 9-декабрдагы маалыматка ылайык, трагедияга ишкананын жетекчилиги күнөөлүү, коопсуздук эрежелерин бузууга жеткирген 19 киши аныкталды.

Комиссия өнөр жай коопсуздугунун талаптары жакшы аткарылбаганын жана көзөмөл жүргүзүлбөгөнүн аныктаганын билдирди.

Бийликтин маалыматына караганда, комиссиянын материалдары тергөө органдарына берилди. Иш Кылмыш кодексинин “Тоо кендеринде иш жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен иликтенип жатат.

Казакстандын Башкы прокуратурасы шахтанын жетекчилери жана инженерлери, жалпы жети киши кармалганын билдирди.

28-октябрга караган түнү Костенко шахтасында жарылуу болгондо жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган.

Президент Касым-Жомарт Токаев ал окуядан кийин кенди иштеткен "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда иш алып барган 29 жылдын ичинде "АрселорМиттал Темиртаунун» кендеринде 200дөн ашуун киши каза тапты.

Компания Костенко шахтасындагы трагедиядан кийин билдирүү жарыялап, 2020-жылдан тарта ишканаларда коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн басым жасаганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG