Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:09

"Эмаком" курган үйдүн жашоочулары жылуулук жоктугуна нааразылык билдирип жатат


"Эмаком" компаниясынын Family House үйү. Фото компаниянын жарнамаларынан алынды.
"Эмаком" компаниясынын Family House үйү. Фото компаниянын жарнамаларынан алынды.

Бишкек шаарындагы Молдокулов көчөсү 10/1 дарегинде жайгашкан Family House комплексинин жашоочулары үйдө жылуулуктун жоктугуна нааразы болуп чыгышты.

Тургундардын бири Айнур Ибраева 175 батирдин тургундары 3 жылдан бери техникалык паспорт ала албай келатканын, турак үй тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдаштырылып, пайдаланууга бериле электигин "Азаттыкка" билдирди.

"Биздин маалымат боюнча турак жайдын жери камакта экен. "Эмаком" бир топ тараптарга карыз экен. Газ үчүн 160 миң сом карызын жашоочулар чогултуп төлөп бердик, электр үчүн да карыздарын бердик, ошого карабай жылуулук берилбей жатат", - деди дагы бир жашоочу Мелис Мокеев.

Жашоочулар президенттик аппарат, бийлик органдарына кайрылганы менен майнап чыкпагынын айтып чыкты. Курулуш компаниясы турак үйдү толук бүтүрбөй, бир катар иштери кечигип жатканын белгилешти.

23-ноябрда "Эмаком" курулуш компаниясынын башкы директору өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирген. Маалыматта ага каршы арыз Башкы прокуратурага быйыл июнь айында түшкөнү айтылган.

Арызданган жаран 2022-жылы жасалма инвестициялык келишим аркылуу акчасын көбөйтүп берүү шылтоосу менен анын 400 миң долларын алып, дайынын таптырбай кеткен ишкерге чара көрүүнү суранган.

Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде иш козгогон. Тергөө иштеринин натыйжасында 39 жаштагы шектүү кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Социалдык түйүндөрдө кармалган жаран “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси Мелис Жусупов экенин жазышкан.

Буга чейин Ош жана Бишкек шаарынын бир катар жарандары Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат ал компанияга тиешеси жоктугун билдирген.

“Азаттык” буга чейин үлүшчүлөрдүн “Эмаком” курулуш компаниясы менен чырын иликтеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG