Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Бишкек: Балдардын тез жардам ооруканасына күнүнө 900дөй бейтап кайрылууда


10-декабрь, 2023-жыл. Бишкек
10-декабрь, 2023-жыл. Бишкек

Кезекте турган ата-энелердин арызы көбөйүшүнөн улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда Бишкектеги №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматы боюнча, стационарга күн сайын 900гө жакын бала кайрылса, алардын 80% жолдомосуз келишет.

Анын айтымында, өткөн сутка ичинде кабыл алуу бөлүмүнө 378 бала, хирургиялык бөлүмгө 79, кулак-мурун көңдөйү бөлүмүнө 156, травматология бөлүмүнө 269 бала кайрылган.

"Маманов ооруканага келген балдардын ата-энелерине кеп-кеңештер берилип, айрымдары амбулатордук дарыланууга жиберилип жатканын, кайрылгандардын саны үй-бүлөлүк медицина борборлору эс алган ишемби, жекшемби күндөрү көбөйөрүн, ошого карабай бир да бала медициналык жардамсыз калбастыгын билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин аталган бейтапканада 30 керебет кошумча коюлган. Педиатрлардын жана кезметтеги ординаторлордун саны көбөйтүлгөн.

Соңку кезде башкалаада балдар арасында жугуштуу оору, сасык тумоо, пневмония күчөп, ооруканаларда кезек күтүү көп болуп жатканына жана орун жоктугуна нааразылык айтылып жатат.

Маалыматка караганда, балдар ооруканасынын аймагында Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фондусунун каражатына кошумча имарат салынууда. Анын курулушуна президент Садыр Жапаров былтыр сентябрда капсула салган.

Заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулары бар жаңы имарат 2025-жылга чейин бүтөт деп айтылган.

№3 балдардын хирургиялык тез жардам ооруканасы совет доорунда курулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG