Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Навальныйдын тарапташтары саясатчы менен байланыш үзүлгөнүн айтышууда


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жактоочулары аны менен байланыш үзүлгөнүн айтып чыгышты.

Руслан Шаветдинов жана Кира Ярмыш Навальныйдын кайда экени үч күндөн бери белгсиз болуп жатканын социалдык тармактарга жазышты.

Жактоочулар соңку маалыматтарга таянып Навальный камерада өзүн жаман сезип, ага асма укол коюлганын билдиришкен.

Шаветдинов менен Ярмыш белгилегендей, саясатчыга тамак-аш берилбей, желдеткичи жок жаза камерасында (карцер) кармалып, сейилдөө убактысы минималдуу кыскарган. Навальный ачкалыктан эс-учун жоготкон болушу мүмкүн.

Ярмыш бул аптада оппозиция лидеринен эч кандай кат түшпөгөнүн, ага жиберилген каттар да жеткирилбегенин белгиледи.

Навальный 8-декабрдагы соттук отурумга видеобайланыш аркылуу байланышкан эмес. Навальный жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Владимир облусундагы колониянын кызматкерлери электр жарыгы боюнча көйгөйлөрдү айтты.

6-7-декабрда адвокаттарга Навальный менен жолугушууга уруксат берилген жок.

Оппозициячыл саясатчы, түрмөдөгү Алексей Навальныйга каршы вандализм боюнча жаңы кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

47 жаштагы Навальный быйыл августта “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин ал Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан.

Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG