Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Тууну коргогон активист Жоробеков эки айга камалды


Активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Свердлов райондук сот залында, 8-декабрь, 2023-жыл.
Активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Свердлов райондук сот залында, 8-декабрь, 2023-жыл.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Судья ошондой эле Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.

Сот отуруму башталарда активист "мыйзамсыз" кармалганын айтып, коюлган айыптардын "негизсиз" экенин билдирди. Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиева доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын "Азаттыктын" кабарчысына айтты.

Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын адвокаты “Азаттыкка” билдирген.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Соцтармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрдагы "Туудан колуңду тарт!" автожүрүштөн улам чакырганын жазган. Милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG