Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

"KG Групп" компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыкты


УКМК жарыялаган сүрөт.
УКМК жарыялаган сүрөт.

“KG Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ташов мамлекетке келтирген зыянды толук толтуруп бергени үчүн 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөрткөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери максатка ылайык келбегенине карабай, жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо шарттарын (АПШ) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн.

“Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна эки көп кабаттуу үйдү куруп, сатып жиберген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-октябрда билдирген.

Ташов өзүнө коюлган айып жана кармалышы тууралуу комментарий берген эмес. Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана анда шайлоочулардын добуштарынын 1,19% алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG