Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:13

Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталган.

Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 8-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркайдын энелери табылып, кылмыш иши козголгон.

Бул окуялардан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан азырынча ага даяр эмес экенин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG