Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Министр ата-энеси миграцияда жүргөн 24 бала зомбулукка кабылганын билдирди


Гүлнара Баатырова.
Гүлнара Баатырова.

Кыргызстанда тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миң 64 бала жакындарынын колунда калган.

Бул тууралуу 8-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, быйыл социалдык кызматкерлер эмгек мигранттарынын балдарын, үй-бүлөлүк жана балдарга зордук-зомбулукту аныктоо үчүн 312 миңден ашуун үйдү кыдырган.

“Кыдыруу учурунда 72 235 баланын ата-энеси чет өлкөдө экени, 15 829 бала ички мигранттардын балдары экени такталды. Ошондой эле алардан 24 бала зомбулукка кабылган. Алардын тогузу физикалык, сегизи сексуалдык, жетөө психологиялык зомбулукка кабылганын министрликтин кызматкерлери аныкташкан. Бул маселени министрлик көзөмөлгө алды”, - деди Баатырова.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги соцпедагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Министрлик эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын былтыр билдирген. Мекеменин маалыматында, бул көрсөткүч 2021-жылы 1,5 миңди түзгөн.

Расмий маалымат боюнча Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG