Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Сот Адахан Мадумаровду абакта калтырды


Адахан Мадумаров. Архив.
Адахан Мадумаров. Архив.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.

"Мадумаровду камакта калтырууга негиз жок болчу. Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Мадумаровго ишенсе болот деп үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Ден соолугунун абалына карабастан Биринчи Май райондук соту 9-февралга чейин абакта калтырды", - деди Убалиева.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG