Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Журналист Али Токтакунов АКШда “Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгын алды


“Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгын алгандар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен, 7-декабрь, 2023-жыл.
“Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгын алгандар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен, 7-декабрь, 2023-жыл.

Кыргызстандагы "МедиаХаб" иликтөө тобунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгына татыды. Сыйлыкты мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 7-декабрда Вашингтондо тапшырды.

Бул сыйлык коррупциянын алдын алууда, анын бетин ачууда лидерлигин, кайратмандыгын жана таасирин көрсөткөндөргө ыйгарылат.

"Кыргызстанда Али Токтакунов жетектеген "МедиаХаб" коррупциянын бетин ачып, жемкорлукка баткандар өздөрүнүн кылмыштуу иштерин жаап-жашыруу, изин чаташтыруу үчүн социалдык медианы кандай колдонуп жатканын көрсөткөн. "МедиаХабдын" негизги ишинин бири - жаштар арасында санариптик агартууну жайылтуу. Өлкөдөгү университеттерде атайын окууларды өткөрүп, жаштарды онлайн дезинформацияны ажыратып билүүгө даярдоого өбөлгө түзүү", - деди Блинкен сыйлык тапшырганда сүйлөгөн сөзүндө.

2023-жылы сыйлыкка дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 11 киши: Станислав Ивашкевич (Беларус), Жан-Клод Мпуту (Конго Демократиялык Республикасы), Артуро Торрес (Эквадор), Нихил Дей (Индия), Али (Мухаммедали) Токтакунов (Кыргызстан), Марк Н. Колли (Либерия), Вероника Михайлова-Морару (Молдова), Владимир Новович (Черногория), Аннетт Планельс (Панама), Франсиско Белу Симойнс да Кошта (Тимор-Лешти) жана Мэй Де Силва (Сейшел аралдары) татыктуу болду.

Мамлекеттик катчы Блинкен сыйлыкты АКШнын лидери Жо Байдендин администрациясынын коррупцияга каршы күрөшкө берилгендигин көрсөтүү максатында 2021-жылы уюштурган.

Таанымал иликтөөчү журналист Болот Темиров сыйлыктын алгачкы лауреаты болгон. Былтыр жыл соңунда сот Темировду кыргыз жарандыгынан ажыратып, Москвага күчкө салып чыгарган. Эл аралык уюмдар журналист жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү үчүн “саясий куугунтукка” кабылганын белгилеп, кыргыз бийлигин анын жарандыгын тезинен калыбына келтирүүгө, кесиптик ишмердигин улантууга тоскоолдук кылбоого үндөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG