Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Орусияда президенттик шайлоо 17-мартка белгиленди


Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи мөөнөткө талапкерлигин коюшу мүмкүн.
Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи мөөнөткө талапкерлигин коюшу мүмкүн.

Орусиянын Федерация Кеңеши 7-декабрда кийинки президенттик шайлоонун датасын белгиледи. Мамлекет башчыны тандоо 2024-жылдын 17-мартында өтмөй болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлашты.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин буга чейин коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, Мамдуманын мурдагы депутаты Борис Надеждин, учурда убактылуу кармоочу жайда отурган, Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков (Гиркин), журналист Екатерина Дунцова билдирген.

2020-жылы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр азыркы президент Владимир Путинге бешинчи мөөнөткө аттанууга жол берет.

Путиндин талапкерлиги 17-декабрда өтчү “Единая Россия” партиясынын курултайында көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Азырынча ал бул тууралуу расмий билдире элек.

Буга чейин Рейтер агенттиги ар башка булакка таянып, Путин шайлоого катышарын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG