Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Журналисттер Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызы суракка чакырылды


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-декабрда милицияга суракка чакырылганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал “Арча медиа” YouTube каналында алып барган берүүсү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова өзүнө каршы арыз жазганын айтууда.

“Бул үч апта мурда чыккан эфир болчу. Мага милициянын ыкчам кызматкери байланышып, суракка чакыруу берип кетти. Бул депутат Надира Нарматовага байланыштуу маселе экенин айтышты. Ал берүүгө катышкан “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун журналисти Махабат Тажыбек кызы да суракка чакырылыптыр”, - деди Жолдубаева.

Депутат Надира Нарматова “Азаттыкка” бул тууралуу эч нерсе билбей турганын билдирди.

Сөз болгон берүү “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновниктер жана депутаттардын байланышы бар?” деген темада болуп, анда Кундуз Жолдубаева алып баруучу катары журналист Махабат Тажыбек кызы менен маектешкен. Анда кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө сөз болот. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын да аты аталган.

Депутат Нарматова коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору. Долбоор 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Бул боюнча бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч жаратарын эскертип келет. Демилгечи депутат Нарматова мындай сындарды четке каккан.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Соңку жылдары Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары менен соттошкон учурлар көбөйдү. 10-ноябрда Жогорку Сот "Кактус медиа" басылмасын "Вечерний Бишкек" гезитине 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө. Бир катар эл аралык уюмдар мындай көрүнүштү эркин медиаларга кысым катары бааласа, кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG