Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:24

Украиналык экс-депутаттын сөөгү Подмосковьеде табылды


Илья Кива
Илья Кива

Жогорку Раданын мурдагы депутаты Илья Киванын сөөгү Москва облусунун Одинцово районунун Супеново кыштагында жайгашкан мейманкалардын биринин автоунаа токтотуучу жайынан табылды. Бул тууралуу РЕН ТВ өз булактарына таянып жазып чыкты.

Орусиянын Тергөө башкармалыгы экс-депутат октон алган жараатынан каза тапканын кабарлап, бул иш боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголгонун билдирди.

"Украинская правда" басылмасы ишенимдүү булагына шилтеме кылып, Киваны украин коопсуздук кызматы өлтүргөнүн жазды. Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Андей Юсов экс-депутаттын өлгөнүн ырастап: "Киванын иши бүттү деп айтсак болот. Ушундай эле тагдыр башка чыккынчыларды да күтүп турат", - деди.

Ноябрь айында Львовдун соту Илья Киваны мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, 14 жылга сыртынан кескен.

Кива — мурдагы милиция кызматкери жана украин ички иштер министринин кеңешчиси, Украинанын чыгышындагы согуштарда Орусияга каршы согушкан. Ал Орусияда тыюу салынган "Оңчул сектордун" аймактык бөлүмүн жетектеген. 2014-жылы Кива президенттик шайлоого катышып, 0,03% добуш алган. Радага орусиячыл деп саналган "Оппозициялык платформа - Жашоо үчүн" партиясынан шайланган. Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин партиянын ишмердигине сот чечими менен тыюу салынган.

Орусия Украинага кол саларга аз калганда Кива эки өлкөнү бириктирүүнү сунуштаган. Путинди "улуу жол башчы" деп атап, "украин элине боштондук керек" жана "орус, украин жана беларустар - бир эл" деп айткан. Депутат ал кезде Орусиянын мамлекеттик телеканалдарына бат-бат чыгып, Испанияда жашап турган.

Кивага каршы кылмыш иши былтыр мартта козголуп, ошондон кийин Орусиядан башпаанек сураган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG