Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:49

Чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө


Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.
Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенин жүргөн адамдар тууралуу маалыматтар чогултулду. Алардын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилди.

Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын кабарлады. Эми бул системаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда.

Кыргызстандын 7 миллион калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенип, теңинен көбү орус паспортун алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG