Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:51

Европа калың карга чулганды

Европага быйыл кыш адаттан тышкары эрте жана ызгаар менен келди. Батыш Европада калың кардан улам айрым жерлерде коомдук транспорт токтоп, аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Германиянын көпчүлүк аймагында суук күч алып, кар калың түштү. Бавариянын борбору Мюнхенде 40 сантиметрге чейин кар жаап, шаардык транспорт дээрлик токтоп калды. Немис басылмалары мындай ызгаар өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери болбогонун жазды. Ноябрдын этегинде Чыгыш Европанын көп өлкөлөрү карга оронду. Кара деңизде пайда болгон циклон бурганак менен катуу шамалды пайда кылды.


Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG