Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:23

5-декабрь: Патент узартылды, 24 чакырым чек ара, “караларга” каршы мыйзам


ККМге каршы соодагерлер, президент Садыр Жапаров жана кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу. Коллаж.
ККМге каршы соодагерлер, президент Садыр Жапаров жана кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу. Коллаж.

Бүгүн Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? Күндүн маанилүү окуяларынын тизмегин "Азаттык" сунуш кылат.

Садыр Жапаров соодагерлер менен жолугушту

Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы соодагерлердин эки аптадан бери уланып келаткан нааразылык акциясына президент Садыр Жапаров да реакция кылды. Мамлекет башчы Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын сатуучулары менен жолугуп, базарларда 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилгенин жарыялады. Ушул эле күнү Максим Горький атындагы гүлбагында, “Берекет Гранд” соода борборунда жана Нарында ККМге каршы акция өттү.

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору чек аранын дагы 24,01 чакырымын макулдашты. Буга чейин эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек ара боюнча “принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын” билдирген.

Милиция кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча долбоор сунуштады

Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш жана алардын мүчөлөрүнө жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ боюнча уюшкан топту түзгөн же ага мүчө болгондор боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алынат. Мындай топторго кошулгандарды, аны уюштургандарды өмүр бою абакка кесүү жазасы да каралган.

Майыптыгы бар балдардын 82% басмырлоого дуушар болот

Эл аралык балдар уюму ЮНИСЕФ бардык өлкөлөрдө майыптыгы бар балдар өздөрүнүн эле жакындарынан, аларды карап баккандардын психологиялык агрессияга дуушар болуп, уруп-сабоого кабыларын билдирди. Уюмдун изилдөөсү Кыргызстанда мындай балдардын 82% түрдүү басмырлоого туш болорун көрсөткөн.

Израил Газанын түштүгүндө согушту күчөттү

Reuters агенттиги АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип жазганына караганда, 5-декабрда эртең менен израилдик аскерлер Хан-Юнис шаарына сокку урганда бери дегенде 43 киши каза тапты. Анын алдында Израил армиясы анклавдын түштүк тарабында бомбалоону күчөткөнү кабарланган. БУУнун маалыматына караганда, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үй-жайын таштап, түштүк тарапка агылган.

Херсондо Орусиянын аткылоосунан кеминде эки киши набыт болду

Украинанын Херсон шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде эки киши мерт кеткенин, үчөө жараланганын шейшембиде бийлик өкүлдөрү билдирди. Аймактык прокуратура соккуга байланыштуу "согуш кылмышы" беренеси менен иш ачты. Орусиянын армиясы былтыр Херсон шаарынан Днепр дарыясынын башка жээгине чегингенден кийин калааны такай аткылап келет.

HRW Өзбекстанда блогердин кесилгенин айыптады

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда блогер Олимжон Хайдаровдун сегиз жылга эркинен ажыратылганын айыптады. Эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман 5-декабрдагы билдирүүсүндө: "Соттун Хайдаровду сегиз жылга кесүү өкүмү, анын ичинде өз оюн эркин билдирүүгө байланышкан айып тагылганы Өзбекстандагы сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарынын эркиндигине терс таасирин тийгизет", - деп белгиледи.

"Бүгүн Азаттыкта" тележаңылыктардын түрмөгүн бул жерден көрүңүз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG