Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

HRW өзбекстандык блогердин сегиз жылга кесилишин айыптады


Олимжон Хайдаров, архивдик сүрөт
Олимжон Хайдаров, архивдик сүрөт

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда блогер Олимжон Хайдаровдун опузалап акча талап кылуу, жалаа жабуу беренелеринин негизинде сегиз жылга эркинен ажыратылганын айыптады. HRW уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман 5-декабрдагы билдирүүсүндө: "Соттун Хайдаровду сегиз жылга кесүү өкүмү, анын ичинде өз оюн эркин билдирүүгө байланышкан айыптын тагылганы Өзбекстандагы сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарынын эркиндигине терс таасирин тийгизет" , - деп белгиледи.

1-декабрда Фергана райондук соту 34 жаштагы Хайдаровду “опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган”, “бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген”, “жалаа жапкан” деген кинелер менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Хайдаров социалдык тармактарда бийликтин дарегине ачуу сындарды жазып келгени менен белгилүү болчу. Блогер айыптарды четке кагууда.

Андан тышкары сот ага караштуу бардык социалдык тармактардагы каналдарды, баракчаларды жана топторду жабууну өкүм кылды.

Тергөөнүн версиясына караганда, блогер “Коканд Истиклол” соода жайынын жетекчилигин сындаган материал даярдап, кийин аны жарыялабоо үчүн 10 миң доллар сураган. Тергөөчүлөр билдиргендей, ал 7,5 миң доллар алып жаткан жеринен 29-июлда кармалган. Калган айыптар ага кийин тагылган.

Блогер буга чейин социалдык тармактардагы кайрылууларында өзүн “саясий туткун” деп атаган. Ал ири коррупциялык схемаларды ачыктаганы үчүн камалганын айтууда.

«Алгачкы жылдардагы жакшырууга карабай, сөз эркиндигин жана маалымат эркиндигин урматтоо жаатындагы тенденциялар терс нукта кетти жана президент Шавкат Мирзиёевдин «Жаңы Өзбекстанында» бул укуктар барган сайын чабуулдарга кабылып жатат», - деп жазды Риттман.

Укук коргоочу медиа тармагында иштегендерди куугунтуктоонун дагы бир нече мисалын келтирди.

Эл аралык Freedom House уюму 2023-жылкы отчетунда Өзбекстанды Интернет эркин өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Уюмдун эсебинде, президент Мирзиеевдин реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.

Быйылкы жылдын 27-июнунда Өзбекстандын Ташкент сөз эркиндиги жаатында жүргүзүлүп жактан реформалардан артка чегинбей турганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG