Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Орусиянын соту журналист Алсу Курмашеванын доо арызын четке какты


Алсу Курмашева сотто. 1-декабрь, 2023-жыл.
Алсу Курмашева сотто. 1-декабрь, 2023-жыл.

Татарстандын баш калаасы Казан шаарынын Совет райондук соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын биринчи иши, тактап айтканда кош жарандуулугу боюнча доо арызын четке какты.

Буга чейин сот Курмашева Американын жарандыгын алганы жөнүдө бийликке эскерткен эмес деген кине менен он миң рубль айып пул салган. Адвокат журналист 1998-жылдан бери туруктуу чет өлкөдө жашарын жүйө келтирип, сотко доо арыз менен кайрылган.

Курмашева ага каршы ачылган башка кылмыш иш боюнча 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ал "чет өлкөлүк агенттердин тизмесине катталбаган" деп айыпталууда. Өткөн жумада сот журналисттин камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG