Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Орус күчтөрү Авдеевкага чабуулду күчөттү


Авдеевка калаасынын кире беришиндеги аткыланган жазуу.
Авдеевка калаасынын кире беришиндеги аткыланган жазуу.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарына чабуулун күчөттү. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, орус аскерлери калааны курчап, “кандай болсо да” аны басып алуунун аракетин көрүп жатышат.

“Чабуулдун үчүнчү толкунунун мурдагыдан айырмасы - бул ирет душман жаңы эки багыт ачты. Бул деген душманга калааны кандай баа менен болсо да басып алуу буйругу берилгендигин билдирет”,-деди 4-октябрда Авдеевканын аскердик администрациясынын жетекчиси Виталий Барабаш украин маалымат каражаттарына.

Буга чейин украин командачылары билдиргендей, орус күчтөрү Авдеевкага жасалган чабуулдарда болуп көрбөгөндөй чоң жоготууларга учураган. Ал эми британ чалгын кызматы орус армиясы Украинага кол салган 2022-жылдан бери Авдеевка үчүн салгылашта эң көп аскерин жоготконун кабарлады.

Барабаштын айтымында, согушка чейин калкынын саны 30 миңди түзгөн Авдеевкада учурда 1300дөй тургун бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG